Чет элдик туристтерди тосуудагы сегиз "болбойт"

© Sputnik / Табылды КадырбековКонокторду тосуп жаткан кыздар. Архив
Конокторду тосуп жаткан кыздар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Туризмдин аркасы менен эли киреше таап, экономикасы өсүп-өнүккөн мамлекеттер ондоп саналат. Ал эми өлкөгө көзгө көрүнөөрлүк киреше алып келчү туристтерди тартуу үчүн атайын шарттар, меймандос эл керек.

Sputnik Кыргызстан агенттиги туристтерди качырып ийбеш үчүн жергиликтүү эл кандай кылык-жоруктардан арылышы керектигин гид кызматын аркалаган Гүлбара Оморова менен биргеликте санап көрдү.

Туристти алдабаңыз, напсиңизди тыйыңыз. Бизде турист десе эле болгон акчасын кагып калыш керек деген жаңылыш түшүнүк бар. Алардын көбү жер көрүү үчүн жылдап акча чогулткан карапайым эле адамдар. Жер көрөм деп акчасын атайын чогулткан киши, жолго чыгардан мурда барар жери жөнүндө маалымат топтоп, ар бир долларын эмнеге коротоорун эсептеп коет. Эгерде ашыкча акчасын кагып алам деп напсиңизди ачып жиберсеңиз, акыры келип аныңыз ачыкка чыгып, өзүңүз эле "ырсайып" каласыз. Ал киши экинчи Кыргызстанды желкемдин чуңкуру көрсүн деши мүмкүн.

Паломники в Мекке - Sputnik Кыргызстан
Ажылык сапарга барчуларга 11 "болбойт"
Өлкө тууралуу "өпкөлөнүп" маалымат бербеңиз. Кыргызстандын тарыхы, салт-санаасы, тарыхый окуялар, инсандар тууралуу айтып бергенде ашыкча фантазияга алдырып жибербеңиз. Кыргызстанды эми-эми таанып жаткан туристтин башын айландырып кереги жок. Өлкөнү кандай болсо ошондой таанысын.

Ачууга алдырбаңыз. Оң колдун ачуусун сол кол менен басуу керек. Чет жерден келгендер менен чакчаңдап урушуп кетүү жаманатты кылгандан башка пайдасын тийгизбейт. Кайсы гана турист болбосун башка өлкөдө жүргөндө агрессиядан, уруш-талаштан алыс болууга аракет кылат. Өзүнө да ушундай мамилени күтөт. Эгер ал туура эмес болсо, түшүндүрүп, жагдайды жайгарууга аракет кылыңыз. Сиз үй ээси эмессизби.

Таштанды ыргытпаңыз. Туристтер көп каттаган жерге колдон келишинче акыр-чикирлерди таштабай эле койгон жакшы. Эгер алар түнөчү жери таза эмес болуп калса, сөзсүз тазалап алып жатышат. Өзүңүз элестетип көрсөңүз, ким эле эс алууга барган жеринен убактысын таштанды тазалоого короткусу келсин? Албетте буга жини келгенин ачык билдире беришпейт, бирок нааразы болгонун көздөрүнөн эле көрсөң болот.

Кулкунуңуз куурап баратса да, ичпей туруңуз. Турист тоскондо колдон келишинче арак-шараптан алыс болуңуз. Адатта туристтер көздөгөн жерине жеткенде же аз калганда, бир аз боюн таштап "эс алалы, чер жазалы" деп спирт ичимдиктерин сунуштап калышат. Мындай учурда гид болуп барган адам же турист тоскон киши бул сунуштан баш тартканы жакшы. Сиз эс алып эмес, конокту эс алдырып жатасыз, андыктан, анын коопсуздугу сиздин колуңузда.

Открытие купального сезона на озере Иссык-Куль - Sputnik Кыргызстан
Быйыл Ысык-Көлдөгү эс алуунун баасы канчалык өзгөрдү
Сүрөттү коё туруңуз. Ар кандай ашуулар, дарыялар же өзгөчө кылдаттыкты талап кылган жерлерден өтүп бара жатканда, көзүңүз күйүп турса да туристтерден "мени сүрөткө тартып коюңузчу" деп сурана берүү туура эмес. Албетте табияттын кооздугуна суктанып кошо эс алууга эч ким тыюу салбайт. Тек гана коопсуздукту сактоого аракет кылыңыз.

Даярдык болбосо тоспоңуз. Эгерде эң зарыл шарттар болбосо, турист тейлейм деп аракет кылганыңыз жумшартып айтканда, натуура болуп калат. Жок дегенде ажаткана менен жуунуп-чайына турган жайларды камдап коюп, анан ишке киришсек. Болбосо, туалетке барганда жакшылап "бошоно албай" мурдун чүйүрүп, бушайман болгон чет элдикти элестетсеңиз…

Кечке жадатып жабыша бербеңиз. Өңү буруу кишини көргөндө эле чап кендедей жабышып, кызматын сунуштай бергендер туристке эле эмес, бери жактан карап тургандар үчүн да өөн учурайт.

Жаңылыктар түрмөгү
0