Улуу актриса, кыргыз театры менен киносунун чолпон жылдызы, кылымда бир жаралчу талант Таттыбүбү Турсунбаеванын архивдик сүрөтү

Таттыбүбү Турсунбаева бүгүн 73 жашка чыкмак! Улуу актриса тууралуу 10 факты

7554
(жаңыланган 17:11 16.07.2017)
Улуу актриса, кыргыз театры менен киносунун чолпон жылдызы, кылымда бир жаралчу талант Таттыбүбү Турсунбаева тирүү болгондо бүгүн 73 жашка чыкмак

Журналист Гүлдана Талантбекова сахна ханышасы тууралуу 10 факты сунуштайт.

Таттыбүбү Турсунбаева — 1944-жылдын 12-июлунда Нарын облусунун Жумгал районунда төрөлгөн. Чаек айылында орус орто мектепте окуган.

Чоң атасы, ошол кездеги атагы чыккан комузчу Турсунбай жаңы ымыркайга Таттыбүбү деген ат коет. Атасы Мырзаалы Токтогул Сатылгановдун шакирти болуптур. Ал эми апасы Калыйбүбүнү замандаштары Таттыбүбүдөй ажайып сулуу болгон дешет. 

Атак-даңкка эрте жеткен. 16 жашында алгачкы жолу "Салиманын ыры" аттуу кыска метраждуу тасмага тартылган. 17 жашында Ташкенттеги А.Н.Остров институтунун "Драма жана кино актеру" факультетине тапшырып, 3 жылдан кийин Кыргыз мамлекеттик академиялык драма театрынын группасына кирген. 

У многих кыргызстанцев Таттыбубу Турсунбаева ассоциируется именно с Красным яблоком
© Фото / Александр Федоров
Театр ишмерлери Таттыбүбүнүн чыгышы менен кыргыз театрына жаңы жылдыз келген деп айтып келишет

Театр үчүн жаралган аккуу. Театр ишмерлери Таттыбүбүнүн чыгышы менен кыргыз театрына жаңы жылдыз келген деп айтып келишет. Театрда сулуу каармандарды кыйла жылдар бою аткарып келген Бакен Кыдыкееванын улгая баштаган учурунда Таттыбүбүнүн чыга келиши токтоло калган чыгармачылыкты кайрадан жандандыргандай болгон. Таттыбүбү ролдорду аткарганда, башкалардай өзгөчө көркөмдөбөстөн, жөнөкөй, турмуштагыдай ойночу экен. Ошондон улам, жагымдуу тембри, ачык дикциясы, улуттук акценти, аткаруу манерасы, жүрүм-туруму жүрөккө жетимдүү болгон дешет.

Эл театрга сулууну көрүш үчүн келчү. Кыргыз театрынын тарыхында 60-70-жылдары элдин көбү театрга Таттыбүбүнү көрүш үчүн келээр эле деп айтылат. Таттыбүбү жараткан Жульетта, Дездемона, Зулайка, Ак Мөөр, Уркуя сыяктуу образдар Таттыбүбү менен тагдырлаш. Таттыбүбү бул каармандардын катарында өзү да кайталангыс каарман болуп турмушта жашап калгандай таасир калтырган. Театрда дүйнөлүк жана советтик классикасынан У.Шекспир, Лопе де Вега, Г.Лорка, Ч.Айтматов, М.Карим жана Е.Шварцтын чыгармалары боюнча сахнага 30дан ашуун эстен кеткис образдарды алып чыккан.

Кыргызстандын эң атактуу кино актрисасы болгон. Аны замандаштары "сахнанын ханышасы" деп айтышчу. Таттыбүбү Турсунбаева кыргыздын көп кинолоруна катышып, кызыктуу каармандарды жараткан. Ал "Ак Мөөр" тасмасында башкы каармандын, ал эми "Кызыл алма" фильминде бейтааныш сулуунун ролун ойногон. "Ак Мөөр" фильминен соң Таттыбүбү Турсунбаеваны кыргыздар "Соң-Көл чүрөгү" деп аташкан. Эмгеги үчүн СССрдин Эмгек сиңирген артисти аталган. 

Океев объясняет сцену актрисе Таттыбубу Турсунбаевой. На площадке фильма Красное яблоко
© Фото / Александр Федоров
Таттыбүбү Турсунбаева кыргыздын көп кинолоруна катышып, кызыктуу каармандарды жараткан

Бутка чылбыр ыргыганда… Актрисанын жашоосунда таш жарган атагы менен кошо атаандашуу, ушак-айың, көралбастык да коштоп жүргөн. Жатындаш агасы Нуркан Турсунбаевдин айтымында 22 жашында, жаңыдан гүлдөй ачылып келе жатканында Ак Мөөрдүн образын жаратып, Ленин комсомолу сыйлыгына көрсөтүлгөн. Бирок орто жолдон бут тоскондордун көксөөсү канып, сыйлыкты ыйгарбай коюшат. Бул анын турмушундагы биринчи сокку болгон. "Уркуя" тасмасы тартылгандан кийин, тасма бүт Европаны кыдырып, биринчиликти алып келет. Ошол ийгиликтерден соң тасма жаратуучулар Токтогул сыйлыгын Таттыбүбүгө ыраа көрбөй коюшат. Таттыбүбү каза болгондо Ала-Арча көрүстөнүнө эл артисттери гана коюлат деп орун бербей коюшуп, сөөгү Орок айылындагы көрүстөнгө коюлуп калат. Кийин тунгуч президент Аскар Акаев улуу талантты Ала-Арча көрүстөнүнө которууну сунуштаганда, Таттыбүбүнүн туугандары сөөктү каздырууну каалашкан эмес.

Жеке жашоосу, үй-бүлөсү. Убагында Таттыбүбүгө ашыгын арткандар көп болгону анык. Эл ичинде ал белгилүү актер Болот Бейшеналиев менен сүйүү мамиледе болгон дешет. Экөө "Ак Мөөр" фильминде чогуу аткарышкан.

Бирок, актриса Болоттун досу, кесиптеши Имаш Эшимбаевге турмушка чыгып, экөө сегиз-тогуз жыл чогуу жашап бир уул, бир кыздуу болушат. Ажырашкандарына 7 жыл болгондо Таттыбүбү каза табат. Имаш болсо актрисадан кийин он жылдан соң бул жарык менен коштошот. Экөө Ташкенттеги театралдык институтта бирге окуган. Таттыбүбүнүн театрдагы ойногон биринчи ролу Чыңгыз Айтматовдун "Кызыл жоолук жалжалым" чыгармасындагы Аселдин ролу болгондуктан, жолдошу кызынын атын Асел койгон экен.

Атасын тарткан кызы, энесинин элесин берген уулу. Кызы Асел Эшимбекова "Махабат дастанындагы" Бегимайды, "Сүйүү закымдарындагы" Алтынбүбүнү ойногон. Энеси Таттыбүбү Турсунбаева чолпондой жанып турган убагында мезгилсиз дүйнөдөн кайтканда, калайык калк "кызы эми актрисанын ордун жоктотпойт" деп турганда белгилүү ишкер Урмат Барыктабасовго турмушка чыгып кеткен. Ошондо айрымдар "туура кылды, болбосо ар ким сулуулугуна көз артып отуруп энесинин тагдырын кайталап калмак" деп айтышкан экен.

Асел учурда үй-кожойкеси. Жолдошу менен бир уул, эки кызды тарбиялап келет. Алгач жолдошу Урмат Барыктабасов болочок жубайын тасмалардан көрүп сүйүп калып, 10 жыл издептир. Таба албай башкага үйлөнүп, бир уулдуу болгондон кийин ажырашып кетет. Ошондо тааныштарына "Аселди таап берсеңер, бир машина берем" дейт. Достору аркылуу таанышып, эки жылдан кийин баш кошушат.

Асел Эшимбекова басылмаларга берген интервьюларынын биринде "Таттыбүбүнүн кызы десе эл укмуш бир айдай сулууну элестетишет. Ким кандай жагынан карабасын, апамдын ордун баса албасымды билем" деп айтканы бар.

Таттыбүбү менен Имаштын кичүү уулу Канат Медициналык институттун стоматология бөлүмүн бүтүрүп, жеке ишкерлик менен алектенет. Үч эркек, бир кыздын атасы. Келбет жагынан Канат апасын, Асел атасын тарткан. 

Кадр из фильма Красное яблоко
© Sputnik
Кыргызстанда Таттыбүбүнү "ак куу" деп да айтышат, анткени кыргыз маданиятында ак куу эң эле татынакай жана назик куш

Таттыбүбүнүн сулуулугу душманына айланганда… Өмүрүнүн акыркы жылдары жалгыз турмуш кечирип, жалындаган таланттын айланасын атаандаштыктын ач карышкырлары тегеректеген дешет. Бул тууралуу агасы Нуркан Турсунбаев "Таттыбүбү апасы каза болгон соң 11ай өткөндөн кийин кете берди. Анчалык деле оор дарты жок эч капарсыз курортологияда жаткан жеринен тез жардам менен неврология бөлүмүнө алып барып, бир заматта өлтүрүп тынышты. Медицинада чоң сыр бар. Ким буйрутма берип өлтүрткөнү сыр бойдон калды" дейт.

Сулуу тууралуу айтымдар. Кыргызстанда Таттыбүбүнү "ак куу" деп да айтышат, анткени кыргыз маданиятында ак куу эң эле татынакай жана назик куш. Ак куунун моюну узун, Таттыбүбүнүн дагы моюну узун болгон. Буга байланыштуу мындай ыр саптары айтылат "Адашкан аркар сыяктуу, арманда кетти бир ак куу".

— "Сыймыгыбыз колдон учуп кеткенче, сыйыбызды, сөзүбүздү аяппыз" (акын Жолон Мамытов.)

— Сулуулук дүйнөнү сактайт деген улуу сөз бар го. Анда сулууну ким сактайт? (акын Жолон Мамытов)

—"Адам болсоң, артист болсоң Таттыбүбүдөй бол". (драматург Токтоболот Абдымомунов)

— Ал 37 жашында көз жумганда, курсташы Жумабек Козукеев мүрзөсүнүн башында:

"Токтолуп сокпой жүрөгү,

Соң-Көлдүн кетти чүрөгү" — деп айткан.

7554
Белгилер:
факты, театр, кино, Таттыбүбү Турсунбаева
Тема:
Кыргыздын көркөм өнөрү, белгилүү инсандары жөнүндө фактылар (358)
Тема боюнча
Шейшенов: "Учур" театрынын үнү өкмөткө жетпей койду
Нурсултан Назарбаев 77 жашта! Эл башы тууралуу кызыктуу 15 факты
Ош эл аралык аэропорту. Архив

Ошко Москва шаарынан 148 кыргызстандык учуп келди

4
(жаңыланган 21:59 04.07.2020)
Келгендердин арасында төрөтү жакындап калган кош бойлуулар жана 2 жашка чейинки жаш баласы бар аялдар бар.

БИШКЕК, 4-июл. — Sputnik. "Ош" эл аралык аэропортуна бүгүн Москва-Ош каттамы менен 148 кыргызстандык жаран кайтып келди. Бул тууралуу Республикалык штабдан кабарлашты.

Алар "Авиатраффик Компани" авиакомпаниясынын чартердик рейси менен келип түштү.

"Келгендер төрөтү жакындап калган кош бойлуулар жана 2 жашка чейинки жаш баласы бар аялдар. Андан сырткары оор илдети бар жана жакын туугандары каза болгондугунан улам мекенине чукул түрдө кайтышы зарыл болгон жарандар", — деп айтылган маалыматта.

Бүгүн Түркиядан 237 кыргызстандык мекенине алып келинди

Кыргызстанга келүүнү каалаган жарандардын саны көп болгондугуна байланыштуу, бул каттамдагы жүргүнчүлөрдүн тизмеси кыргыз диаспорасынын өкүлдөрүнөн, Москванын Кыргыз медициналык клиникасынан жана Россиядагы Кыргызстандын элчилигинин кызматкерлеринен турган комиссия тарабынан түзүлгөн.

Маалыматта чет мамлекеттерде жүргөн Кыргызстандын жарандарын мекенине кайтарууну уюштуруу иштери улантылары айтылган.

Өлкө аймагындагы соңку кабарлар менен биздин Telegram-каналдан таанышып туруңуз.

4
Белгилер:
пандемия, коронавирус, Россия, Кыргызстан
Тема боюнча
ТИМ Кытайдан келе албай жаткан кыргызстандыктар боюнча үн катты
Боронов: Россияда иштеген кыргыз дарыгерлер жардамга даяр, учак менен алып келебиз
Анкара шаары. Архив

Түркиядагы кыргызстандыктар пенсия, жөлөк пул ала башташат. Күчүнө кирген документ

8
Эки жыл мурда Социалдык фонд түшүндүрмө берип, КР жараны өз мекенинде он жыл иштеп, андан соң Түркияда 15 жыл эмгектенип пенсияга чыкса, Кыргызстан он жыл, Түркия 15 жылдык пенсиясын төлөмөк.

БИШКЕК, 4-июл. — Sputnik. Түркиянын аймагында иштеген кыргызстандыктар эми пенсия жана жөлөк пул ала алышат. Бул тууралуу Кыргызстандын аталган мамлекеттеги элчилигинен билдиришти.

2-июлда Кыргызстан менен Түркия өкмөтүнүн ортосундагы социалдык камсыздандыруу боюнча макулдашуусу күчүнө кирди. Аталган чечимге үстүбүздөгү жылдын апрель айында алгач Режеп Тайип Эрдоган кол койгон. Ал эми КР президенти 2019-жылдын январь айында ратификациялаган.

Италияда киши баккандар келин сыяктуу эле кызмат кылат. Ишкер Автандилова менен маек

Ал демилге Жээнбековдун 2018-жылдын апрель айында Түркияга болгон расмий иш сапарында колдоо тапкан.

Эки жыл мурда Социалдык фонд түшүндүрмө берген. КР жараны өз мекенинде он жыл иштеп, андан соң Түркияда 15 жыл эмгектенип пенсияга чыкса, ага 25 жылдык стажы үчүн пенсия чегерилмек. Тагыраагы, Кыргызстан он жылдык, Түркия 15 жылдык пенсиясын төлөмөк.

Ошондой эле ал талаптар Кыргызстанда иштеген түркиялыктарга да тиешелүү болуп, мыйзамдуу жол менен тыйын тапкан эки өлкөнүн жарандарынын укуктары эске алынат.

Мамбеталиев: пенсия 28-майга чейин толук таратып берилет

Андан сырткары, жумуштан алган жаракатына, ооруганына, боюнда бар аялдарга төлөнүүчү акча каражаттарын эки жактын жергиликтүү мыйзамдарынын негизинде чегерүү да каралган.

8
Белгилер:
макулдашуу, пенсия, Түркия, Кыргызстан
Тема боюнча
Кыргызстанда кайсы дарт аялды коляскага отургузат? Майыптык боюнча статистика
Өкмөт айлык, пенсия убагында берилерин айтты