Эми кезек күтпөйсүз! Паспорт үчүн төлөм аткаруунун жаңы системасы

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевРабота системы изготовления биометрических электронных паспортов
Работа системы изготовления биометрических электронных паспортов - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Калкты тейлөө борборлорунда электрондук төлөм системасы ишке киргизилди

БИШКЕК, 13-июл. — Sputnik. Кыргызстандын жарандары паспорт жасатуу үчүн талап кылынган төлөмдү терминалдардан же электрондук капчык аркылуу жүргүзө алышат. Бул тууралуу Мамлекеттик каттоо кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, Калкты тейлөө борборлорунда электрондук төлөм системасы ишке киргизилди (электрондук биллинг). Ал Мамкаттоо кызматынын алдындагы "Инфоком" ишканасы тарабынан иштелип чыккан.

Каалоочулар "TeremPay" терминалы же "Элсом" электрондук капчыгы аркылуу төлөм жүргүзө алышат. Документтер каттоодон өткөндөн кийин оператор жаранга төлөм кодун ыйгарат. Төлөмдү ишке ашыруу үчүн берилген кодду терминалга же электрондук капчыкка жазганда системада автоматтык түрдө төлөм тууралуу маалымат келип чыгат.

Терминалда ашык акчаны кайтарып берүү функциясы дагы бар. Ал сиз көрсөткөн уюлдук номериңизге калган акчаны бирдик катары жүктөп берет.

Учурда терминалдар тесттик режимде калкты тейлөөчү беш борборго коюлду. Кийинчерээк бул кызмат бардык аймактарга жеткиликтүү болот.

Мурдагы паспортту (ID-card) жаңысына алмаштыруунун жол-жобосу менен Sputnik Кыргызстандын материалынан таанышыңыз>>

Жаңылыктар түрмөгү
0