Муфтият жаратылыш кырсыгынан жабыркагандарга 2,8 млн. сом бөлдү

© Фото / Зульфия ТургуноваПоследствия землетрясения в Чон-Алайском районе
Последствия землетрясения в Чон-Алайском районе - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Каражат битир-садакадан чогулган акчадан бөлүнгөн

БИШКЕК, 14-июл. — Sputnik. Муфтият Чоң-Алай жана Өзгөндөгү жаратылыш кырсыгынан жабыркаган сегиз үй-бүлөгө үй куруу үчүн 2 миллион 800 миң сом акчалай жардам көрсөттү. Бул тууралуу муфтият билдирди.

Муфтияттын маалымат катчысы Максат Атабаевдин архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Радио
Атабаев: битир-садаканы бөлүштүрүү иши менен атайын комиссия алектенет
Ага ылайык, 13-июлда өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүндө акча тапшыруу аземи болуп өттү.

Иш-чаранын жүрүшүндө Ош облусунун губернаторунун орун басары Ахмаджан Махамаджанов сөз сүйлөп, курулуш материалдарын сатып алууда жана жеткирүүдө атайын арзандатылган баада кызмат көрсөтүүчү жеке тараптар менен да макулдашуулар жургүзүлүп, бардык тиешелүү жардамдар берилээрин кошумчалаган.

Белгилей кетсек, аталган каражат битир-садакадан чогулган акчадан бөлүнгөн.

Жаңылыктар түрмөгү
0