Төө-Ашуудагы тоннель маал-маалы менен жабылып турмай болду. Иштөө убагы

© Sputnik / Табылды КадырбековТоннель им.Кольбаева на перевале Тоо-Ашуу
Тоннель им.Кольбаева на перевале Тоо-Ашуу - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Транспорт жана жолдор министрлиги кайсыл убакта тоннелден өтүүгө болбой турганын күн тартибине киргизген.

БИШКЕК, 14-июл. — Sputnik. Төө-Ашуудагы тоннель убактылуу жабылат. Бул тууралуу транспорт жана жолдор министрлигинен кабарлашты.

Бишкек - Ош унаа жолу. Архив - Sputnik Кыргызстан
Бишкек — Ош унаа жолуна кар көчкүдөн коргой турган тоннель курулат
№9 Жолдорду эксплуатациялоо ишканасынын башчысы Нурлан Турдумамбетовдун айтымында, тоннелдин вентиляциялык системасын оңдоо иштери пландалууда. Мындан улам бекитилген тартип боюнча учурда тоннелдин эки жагы тең убактылуу жабылат.

Ага ылайык жол кыймылы бүгүнтөн тарта 25-июлга чейин күн сайын эртең мененки саат 7.00дөн 9.00гө чейин, ошондой эле түнкү саат 00.00дөн 02.00гө чейин токтотулат.

Транспорт жана жолдор министрлигинен жыл сайын тоннелде оңдоо иштери жүргүзүлүп турса, анын иштөө абалы да жакшырып тураарын белгилешти.

Жаңылыктар түрмөгү
0