Токон Мамытов белгилүү журналист Тамара Валиевадан интервью алды

© Sputnik / Сергей АладьевУКМК жетекчисинин мурдагы орун басары, экс-вице- премьер-министр Токон Мамытов белгилүү журналист Тамара Валиева менен маек учурунда
УКМК жетекчисинин мурдагы орун басары, экс-вице- премьер-министр Токон Мамытов белгилүү журналист Тамара Валиева менен маек учурунда - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Биз окурмандарга башкача өңүттөгү маектерди тартуулоого ниеттендик. Бул рубрикабызда интервьюну журналисттер эмес, алардан саясатчылар алат. Төмөндө УКМК жетекчисинин мурдагы орун басары, экс-вице- премьер-министр Токон Мамытов белгилүү журналист Тамара Валиевадан интервью алды.

Токон Мамытов: Саламатсызбы. Сиздин оюңуз боюнча журналист деген ким?

Депутат ЖК Эльвира Сурабалдиева и журналист Эркин Рыскулбеков - Sputnik Кыргызстан
Сурабалдиева Эркин Рыскулбековдон интервью алды. Эрте кеткен эркектер, кооптуу карылык
Тамара Валиева: Мен али күнчө журналист деген ким экенин толук түшүнө элекмин. Ушул тармакта 30 жылдан бери иштегендигиме карабастан, сурооңузга так жооп бере албайм. Негизи журналист деген бардык тармакты билген киши болушу шарт. Өзгөчө телевидениеде иштегендер. Анткени камерадан сабатсыздыкты жашыруу мүмкүн эмес. Бүгүн президент менен сүйлөшсөң, эртең шахтер, бүрсүгүнү ишкер менен баарлашып калышың толук мүмкүн. Андыктан баарына даяр болушуң керек. Журналист — өзү билбеген тармакка баш-оту менен кирип, ал тармакты беш колдой билип чыгышы керек болгон чалгынчы.

Т. М.: Мен чекист катары сөзүңүздү кубаттайм. Чалгынчы менен журналисттин окшоштук жактары көп. Экөөсү тең маалымат менен иштешет. Айрым журналисттердин чектен ашып кетишине кандай көз караштасыз?

Т. В.: Бул чектен ашкандык. Бирок учурда абал ушундай. Мен түшүнөм, бул бизнес болуп калды. Айрымдарга рейтинг, киреше керек.

© Sputnik / Жоомарт УраимовЭкс-вице- премьер-министр Токон Мамытов маек учурунда
Председатель Ассамблеи народа Кыргызстана Токон Мамытов - Sputnik Кыргызстан
Экс-вице- премьер-министр Токон Мамытов маек учурунда

Т. М.: Коомдун маданиятын жана билимин кандай баалайсыз?

Т. В.: Биз советтик доорго таандык нерселерди жокко чыгарып, өз алдыбызча эч нерсе жарата албай калдык. Эл өзүнө татыктуу жетекчиге ээ болот. Биз өзүбүз мыйзамды бузуп туруп, депутат, министрлердин мыйзамды сактоосун талап кылабыз.

Т. М.: Билим менен маданият экономиканы түптөйт деген сөз бар. Ушуга кандай көз караштасыз?

Т. В.: Мен миң пайызга колдойм. 25 жылдан бери экономикалык маселелерди чечүүгө аракет кылып келебиз. Бирок андан майнап чыкпай келет. Билимдүү, маданияттуу адам гана өз элин тонобойт. Андыктан коомчулуктун билими менен маданиятын көтөрүү керек.

© Sputnik / Сергей АладьевЖурналист Тамара Валиева: 25 жылдан бери экономикалык маселелерди чечүүгө аракет кылып келебиз. Бирок андан майнап чыкпай келет. Билимдүү, маданияттуу адам гана өз элин тонобойт. Андыктан коомчулуктун билими менен маданиятын көтөрүү керек
Журналистка Тамара Валиева - Sputnik Кыргызстан
Журналист Тамара Валиева: 25 жылдан бери экономикалык маселелерди чечүүгө аракет кылып келебиз. Бирок андан майнап чыкпай келет. Билимдүү, маданияттуу адам гана өз элин тонобойт. Андыктан коомчулуктун билими менен маданиятын көтөрүү керек

Т. М.: Кеп нугун эми дүйнө коомчулугун түйшөлдүрүп жаткан маселеге бурсак, сиздин оюңузча террорчулуктун жайылышына эмне себеп болууда?

Т. В.: Террорчу деген ким? Алар атайын кызматтар тарабынан даярдалып, кийин көз кырынан чыгып кетишкендер. Эртеби кечпи, көзөмөлдөөгө болбой калат. Биз аны көрүп эле жатабыз да. Маселен, мурда баары эле "Аль-Каида" тууралуу айтышчу. Алардын башчысы ким эле?

Т. М.: Усама бен Ладен.

Маекти толугу менен орус тилинде бул жерден окуй аласыз.

Жаңылыктар түрмөгү
0