Биз жеңил ойлуу эмеспиз! Стюардессалардын көңүлүн айныткан кардарлар

© Sputnik / Александр Кряжев / Медиабанкка өтүүСамолет Embraer 170-LR авиакомпании S-7 в Новосибирске
Самолет Embraer 170-LR авиакомпании S-7 в Новосибирске - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Асман, учак, эртең менен Москва, кечинде Дубай... Бир караган кишиге борт коштоочулардын жашоосу жомоктогудай сезилиши мүмкүн.

Бирок, айрым учурда жүргүнчүнү карап жылмайган стюардессанын жини кайнап атышы ыктымал. Анткени эң оор басырыктуу деген борт коштоочуну дагы өзүнөн чыгарып ийчүдөй кылык-жоруктары бар кардарлар жок эмес.

Sputnik Кыргызстан агенттигине ата мекендик авиакомпаниялардын биринде иштеген стюардесса көздөгөн жерге аман-эсен жетип алуу үчүн жүргүнчү кандай аракеттерди кылбашы керектигин айтып берди.

Туризм в Кыргызстане - Sputnik Кыргызстан
Гиддин итатайын тутулткан алты көрүнүш
Көздөгөн жерине жетип алыш үчүн дегеним, кээде мас же соо деле абалда чатак чыгарган кардарлар үчүн учакты мажбурлап кондурууга туура келет.

Ичип алгандар. Эң кооптуу жүргүнчүлөрдүн тизме башында ичимдикти сүйгөн адамдар турат. Кыргызстандын ичинде аткарылган каттамдарда учуу мөөнөтү аз болгондуктан, алардын чырына чыдаса болот. Ал эми эл аралык каттамдарда айрым учактар жакын жердеги аэропортко конууга мажбур болушат. Бул убакта учактагы башка адамдардын убактысы гана текке кетпестеп, авиакомпания дагы материалдык чыгым тартат.

Жинин чыгаргандар. Учакка киргенге чейин башка нерсеге жинденип келгендер, калганын борт коштоочудан чыгарууга аракет кылат. Буларга жадакалса биз сунуштаган чайдын даамы дагы жакпайт.

Өзүн жашоонун кожоюну сезгендер. Саякаттап, ары-бери көп каттагандыктан, учакта көп жүрүшөт. Ошол себептүү өздөрүнө катуу ишенип алып, коопсуздук курун тартыныңыз деген суранычка "быш" этип койбойт. Мындай учурда чоң эле кишилерге 3-класстын окуучусундай мамиле кылып, бир нече ирет кайталап айтууга туура келет.

Басанактар. Учак жерден көтөрүлөрү менен ордунан туруп, арткы катардагы таанышына чуркап же дааратканага кезекке тургандар тажатат. Бул кылганыңар тамак-аш, суусундук салынган арабаны сүйрөп өткөн стюардессаларга абдан тоскоол болот.

Бириккен Араб Эмирлигинин FlyDubai компаниясында борт коштоочу болуп иштеген Наргиза Мукамбетова - Sputnik Кыргызстан
Дубайда стюардесса болуп иштеген Наргиза: азыр жашоомду учаксыз элестете албайм
Оройлор. Учакка билет алса эле анын каалоо-тилеги 100 пайыз аткарыларына ишенип алышат. Авиакомпаниянын милдети — сизди барар жериңизге аман-эсен жеткирип коюу. Ал эми чөгүңкү маанайды көтөрүүгө көңүл ачуучу иш-чаралар, жарым жылдан бери ооруп жүргөн далыңызды укалатууга атайын массажисттер бар.

Стюардессаны жеңил ойлуу деп элестеткендер. Мындай адамдар стюардессалар тууралуу сериалдарды көрүп алып, так ошондой сценарийди турмуш жүзүнө ашырууну каалашат. Айрым учурда коопсуздук курун бекитип берүүнү суранганы аз келгенсип, стюардессаны кармалап ийишет. Аял кишиге ушул нерсе жагат деп ойлойсуңарбы? Же бул жоругуңар үчүн жерде жооп берүүгө туура келерине ишенбийсиңерби?

Жаңылыктар түрмөгү
0