Чет өлкөлөрдө кыргыз тыйындары он миңдеген сомго бааланууда

© Sputnik / Табылды КадырбековОфициальной графический символ денежной единицы сома
Официальной графический символ денежной единицы сома - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Расмий колдонуудагы акчалардан тышкары, үлгү катары чыккандар болот. Алар жүгүртүүгө коюлбаганы менен коллекционерлер арасында чоң кызыгуу жаратат.

БИШКЕК, 17-июл. — Sputnik. Чет өлкөлүк интернет-аукциондордо 20 тыйын номиналындагы үлгү катары чыгарылган монеталардын баасы 10 миң сомдон жогору бааланууда.

Кыргызстандын 1993-жылкы үлгүсүндөгү тыйындары. Википедия сайтынан тартылган сүрөт - Sputnik Кыргызстан
Кыргыз тыйындары чет өлкөлүк интернет аукциондордо кымбат баада сатылууда
Мисалы, "Агора" сайтында жайгаштырылган жарнамада 1994-жылы чыгып, латундан куюлган 20 тыйындык монетанын баштапкы баасы 57,5 миң тенге (12 миң сомдон көбүрөөк) деп жазылган.

Дагы башка жарнама россиялык "Мешок" порталына жүктөлгөн.

Ал эми ошол эле жылы алюминийден куюлган үлгү 11 миң рублга (12,6 миң сомдон жогору) бааланууда.

Белгилей кетсек, бул жарнамалар Алматы шаарында илинген. Сүрөттөмөлөргө караганда, монеталар Ленин атындагы заводдо үлгү катары, чектелген тиражда жасалганы айтылат.

Жаңылыктар түрмөгү
0