Жер астындагы өтмөктү жоокерлер оңдоп жатат деген кабарга мэрия жооп берди

Жазылуу
Оңдоп жаткан тарап акча үнөмдөө максатында жумушчуларга аскерлердикине өңдөш атайын кийим сатып берген

БИШКЕК, 17-июл. — Sputnik. Мэрия шаардын чок ортосунда жайгашкан жер алдындагы өтмөктү оңдоого жоокерлер тартылды деген маалыматты четке какты.

Муниципалитет бир катар басылмалар Чүй проспектиси менен Абдрахманов көчөсүнүн кесилишиндеги жер алдындагы өтмөктү оңдоп-түзөөгө жоокерлер тартылды деген маалыматты жазгандыгын айтып, ага түшүндүрмө берди. Маалыматта ал жердеги ишти алып барып жаткан "Бийик KG" ишканасы куруучуларга жоокерлердикине өңдөш атайын кийим сатып берген.

"Муну ишкана жетекчилиги кийимдин арзандыгына карап куруучуларды камсыздаган. Учурда оңдоо иштерине 50 жумушчу тартылган", — деп мэриядан билдирди.

Жер алдындагы өтмөктү реконструкциялоо иши 10-июлда башталып, анын түштүк-чыгыш жагы тосулган. Өтмөк толугу менен оңдолуп, жарыктандыруу системасы толугу жаңыланат. Төрт тарабынын кире беришине тең темир тосмолор орнотулуп, эки тарабы айнектелет. Андан сырткары пандустар жаңыланат.

Чүй проспектиси менен Абдрахманов көчөсүнүн кесилишиндеги жер алдындагы өтмөк оңдоп-түзөлгөн соң кандай болорун бул жерден көрө аласыз>>

Жаңылыктар түрмөгү
0