Аксакалдар сотунун өкүлдөрү окутуудан өтүштү

© пресс-служба мэрии города БишкекАксакалдар сотунун өкүлдөрү атайын окутуудан өтүштү
Аксакалдар сотунун өкүлдөрү атайын окутуудан өтүштү - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Иш-чарага аксакалдар сотунун 96 мүчөсү катышкан.

БИШКЕК, 17-июл. — Sputnik. Аксакалдар сотунун өкүлдөрү атайын окутуудан өтүшкөнүн мэриянын маалымат кызматынан кабарлашты.

Билдирмеге караганда, семинарда укуктук маселелер талкууга алынган.

"Бул иш-чаранын максаты аксакалдар сотунун потенциалын жогорулатуу болуп эсептелет. Семинарда аксакал соттордун чечим чыгаруу тартиби, аппелациялык арыздар, аткаруу иштери тууралуу сабактар өтүлдү", — деп айтылат маалыматта.

Иш-чарага аксакалдар сотунун 96 мүчөсү катышкан.

Жаңылыктар түрмөгү
0