ШИИБ: ар саат сайын Бишкекте бир кылмыш жасалат

© Sputnik / Табылды КадырбековОкуя болгон жердеги милиция кызматкерлери. Архив
Окуя болгон жердеги милиция кызматкерлери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Шаардык ички иштер башкармалыгы жарым жылда жасаган иштери боюнча ИИМге отчет берди.

БИШКЕК, 18-июл. — Sputnik. 2017-жылдын алты айында 4683 кылмыш иши (бир күндө 26 кылмыш иши) катталганын Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын маалымат кызматы билдирди.

14-июлда ШИИБ Ички иштер министрлигине жарым жыл ичинде жасаган иштери тууралуу отчет берди. Укук коргоо органдары 3411 кылмыш ишинин бетин ачкан. Бул көрсөткүч былтыркы жылга салыштырмалуу 390го көп.

"Жыл башынан бери борбор калаада 188 митинг өтсө, анын 90у саясий мүнөздө болгон. 98и социалдык-экономикалык, тиричиликке байланышкан. Ал эми 155 митинг сот процесстеринен улам болгон. Ошондой эле шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын жеке курамы 236 расмий иш-чараларды коомдук тартипти көзөмөлгө алган", — деп айтылат маалыматта.

Жарым жыл ичинде шаардагы криминалдык деңгээл туруктуу болгонун жана кылмыштардын бетин ачуу артканын ШИИБ баса белгилеген.

Жаңылыктар түрмөгү
0