Турак жайыңызга канча салык төлөшүңүз керек. Калькулятор

Жазылуу
Кыргызстанда кыймылсыз мүлк үчүн канча төлөө керектигин эсептөө өтө оңой. Sputnik агенттиги Сиз үйүңүз же батириңиз үчүн канча төлөшүңүз керектигин эсептей турчу калькулятор жасады.

БИШКЕК, 18-июл. — Sputnik. Кыймылсыз мүлк боюнча калькулятордун жардамы менен турак жай үчүн мамлекетке канча акча төлөй турганыңызды эсептей аласыз.

Sputnik агенттиги бул маселе боюнча эң көп сурала турчу айрым суроолорго жоопторду алды.

1. Бул салыкты төлөшүм керекпи?

Бишкек шаарындагы үйүңүздүн аянты 150 чарчы метрден, же батириңиздин аянты 80 чарчы метрден ашык болсо сиз салык төлөшүңүз керек. Башка шаарлар үчүн коюлган талаптар да ар башка.

2. Үйдүн салыгын канчасына чейин төлөө кажет?

2 Сентябрга чейин.

3. Кайсы жерден төлөсөм болот?

Салыкты ар бир банктын кассасынан, почта бөлүмдөрүнөн, төлөө терминалдары менен интернет-банкинг аркылуу төлөөгө болот.

Ачкыч жана акча каражаттары. Архив - Sputnik Кыргызстан
МСК автоунаа менен турак жайга салык төлөбөгөндөргө айып пул көлөмүн айтты
4. Эгер турак-жайдын салыгын учурунда төлөөнү унутуп калсам эмне болот?

2000 сом айып салынат. Андан сырткары өтүп кеткен ар бир күн үчүн 0,09 туум кошулуп турат.

5. Эгер мен турак-жайды расмий түрдө ижарага алып жашасам да салык төлөшүм керекпи?

Ооба. Ошондой эле ипотекалык насыяга алынган үй жана батирлер үчүн да төлөө кажет.

6. Салык төлөөдөн кимдер бошотулган?

Эмгек ардагерлерине, ветерандарга, I жана II топтогу майыптарга, баатыр энелер бул салыктан бошотулган.

Эгер сиздин автоунааңыз болсо ага канча салык төлөө керектигин Sputnik Кыргызстан агенттигинин материалынан окуңуздар>>

Жаңылыктар түрмөгү
0