Темир Сариев Өмүрбек Текебаевдин иши боюнча сотто көрсөтмө берди

Жазылуу
Сариев өз көрсөтмөсүндө ошол учурда бардык чечимдер биргеликте талкуулангандан кийин гана кабыл алынып турганын баса белгиледи.

БИШКЕК, 18-июл. — Sputnik. Борбор калаадагы Биринчи Май райондук сотунда Жогорку Кеңештеги "Ата Мекен" фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев менен мурдагы элчи Дүйшөнкул Чотоновдун сот иши уланды. Анда Темир Сариев күбө катары көрсөтмө берди.

Темир Сариев Убактылуу өкмөттө финансылык жана экономикалык багытты тейлегенин айтты. Ал жактоочунун "Текебаев экономикалык иштерге кийлигишип, же таасир бере алат беле?" деген суроого Убактылуу өкмөттүн бир мүчөсү өз пайдасына бир да чечим кабыл ала албай турганын белгилеп, өлкө үчүн маанилүү делген бардык чечимдер Убактылуу өкмөттүн декреттери менен кабыл алынганын баса белгиледи.

"Айрым чечимдер керек болсо 10 саатка чейин отуруп кабыл алынчу. Мындай учурда Убактылуу өкмөттүн бардык мүчөлөрү эч жакка чыкпай отуруп, талкуулап анан документке кол коюлчу", — деди ал.

Ал ошондой эле Убактылуу өкмөттүн 14 мүчөсү болгонун, анын ичинде төраганын орун басарлыгын Алмазбек Атамбаев (реалдуу экономика жана коопсуздук маселелери), Өмүрбек Текебаев (констиуциялык реформа жана юстия министрлигин караган), Азимбек Бекназаров (прокуратураны) жана өзү финансылык жана экономикалык багытты тейлегенин кошумчалады.

Буга чейин экс-президент Роза Отунбаева, Эмил Каптагаев, Феликс Кулов жана Данияр Нарымбаев күбө катары сурак беришкен. 

Ата Мекен фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаевдин архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Текебаевдин жактоочулары: Атамбаев убактылуу өкмөттүн мүчөсү катары көрсөтмө берсин
Эскерте кетсек, 2017-жылдын 25-февралында Башкы прокуратура "Ата Мекен" фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаевге жана башка адамдарга карата КР Кылмыш жаза кодексинин 303-беренесинин 1-бөлүмү (коррупция) жана 166-беренесинин 4-бөлүмүнүн 2-3-пункттарында (алдамчылык) камтылган белгилер боюнча кылмыш ишин козгогон. 

Козголгон кылмыш иштин алкагында Текебаев менен Дүйшөнкул Чотонов кармалган. Россиялык бизнесмен Леонид Маевский Текебаев "Альфа Телеком" (Mega Com) компаниясынын башкармалыгына кирүүгө мүмкүнчүлүк берүү үчүн бир миллион доллар алды деп айтып, депутаттын үстүнөн арыз жазган.

Жаңылыктар түрмөгү
0