"Теплые ключи" эс алуу жайына үйүлгөн таштанды конокторду үркүтүүдө. Сүрөттөр

© Sputnik / Стрингер / Медиабанкка өтүүТаштанды. Архив
Таштанды. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Күбөнүн айтымында, эс алуу жайдын унаа токтотуучу жеринин айланасы таштандыга толуп, көптөн бери тазаланбай турат.

БИШКЕК, 19-июл. — Sputnik. Бишкектин четиндеги "Тёплые ключи" эс алуу жайында чар жайыт ыргытылган таштандылардын тазаланбай жатканын Sputnik Кыргызстан агенттигине күбө Нургүл Эсенакунова билдирди.

Анын айтымында, эс алуу жайдын унаа токтотуучу жеринин айланасы таштандыга толуп көптөн бери тазаланбай турат.

© © фото очевидца, отправленное по Whats App-каналу"Теплые ключи" эс алуу жайына үйүлгөн таштанды
Мусор около центра отдыха Теплые ключи - Sputnik Кыргызстан
"Теплые ключи" эс алуу жайына үйүлгөн таштанды

"Бул жерге келген эс алуучулардын баары таштанды таштайт. Бирок аны тазалап алып кеткен эч ким жок. Үйүлүп кеткенде бирөөлөр өрттөп турат. Бул жакка күнүнө жүздөгөн коноктор алардын ичинде чет элдик туристтер да келишет. Минтип унаа токтотуучу жайдын айланасы таштандыга толуп турган уятту көрүнүш. Кимге кайрыларыбызды деле билбейбиз", — деди күбө.

© © фото очевидца, отправленное по Whats App-каналу"Теплые ключи" эс алуу жайына үйүлгөн таштанды
Мусор около центра отдыха Теплые ключи - Sputnik Кыргызстан
"Теплые ключи" эс алуу жайына үйүлгөн таштанды

Бул боюнча Аламүдүн районунун экономика жана агрардык өнүктүрүү секторунун башчысы Асел Жуманалиева аталган аймак Бишкек ТЭЦке таандык экенин билдирди.

"Тёплые ключи" эс алуу жайы Аламүдүндүн аймагында жайгашканы менен Бишкек ТЭЦ иштетет. Андыктан тазалыгына дагы алар жооп бериши керек. Биз болсо ал жерге чейинки аймакты гана тазалайбыз. Июнь айында дагы "Тёплые ключинин ичи таштандыга толуп кетти" деп ЖМКларга маалымат чыккандан кийин биз барып жардам иретинде тазалап келгенбиз", — деди Жуманалиева.

© © фото очевидца, отправленное по Whats App-каналу"Теплые ключи" эс алуу жайына үйүлгөн таштанды
Мусор около центра отдыха Теплые ключи - Sputnik Кыргызстан
"Теплые ключи" эс алуу жайына үйүлгөн таштанды

Ал ошондой эле район администрациясы бул боюнча Бишкек ТЭЦке эч кандай чара колдоно албай тургандыгын белгиледи.

Бишкекте бир жарандын батиринен үч унаа таштанды чыгарылды - Sputnik Кыргызстан
Таштандыдан чогулган "музей". Бишкектеги батирден үч унаа акыр-чикир чыкты
Ал эми Бишкек ТЭЦтин маалымат кызматы сүрөттөгү таштандылар жайгашкан жер "Тёплые ключи" эс алуу жайынын эмес, Лебединовка айыл өкмөтүнүн карамагындагы жер экенин айтты. Бирок ага карабай жакынкы күндөрү таштандыларды тазалашарын убадалашты.

Мындан улам Лебединовка айыл аймагынын жайыт комитетинин башчысы Эрмек Шаипова менен байланышканда ал айыл өкмөттүн карамагындагы жер экенин ырастап, бирок Бишкек ТЭЦ аны беш жылга ижарага алып иштетип жатканын айтты.

"Ижара келишими боюнча ал жерди тазалоого Бишкек ТЭЦ жооптуу болгон. Эртең сиздер айтып жаткан жерге барып текшерип келебиз", — деди ал.

Ошентип маселе кайра эле Бишкек ТЭЦке барып такалып калды.

Эгер кандайдыр бир кызыктуу окуяларга туш болуп калсаңыз тарткан сүрөт, видеолорду биздин +996 706 566 544 WhatsApp номери аркылуу билдирсеңиз болот.

Жаңылыктар түрмөгү
0