Араванда селден жабыркагандар Кең-Сай конушуна көчүрүлөт

© Sputnik / Зульфия ТургуноваАравандын Кичи-Алай айылындагы селдин кесепеттери
Аравандын Кичи-Алай айылындагы селдин кесепеттери - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Учурда селдин кесепетинен жабыркаган алты үйдү жана сел түшүү коркунучу бар дагы беш үйдү кошуп жалпы 11 турак жайды башка жакка көчүрүү каралууда

ОШ, 20-июл. — Sputnik. Аравандын Кичи-Алай айылындагы селден жабыркаган тургундар көчүрүлөт. Бул туралуу Ош облусунун башчысы Таалайбек Сарыбашов селден жабыркаган аймактын эли менен болгон жолугушууда маалымдаганын аймактык кабарчы билдирди.

Губернатордун айтымында, аларга Кең-Сай аймагынан жер тилкелери бөлүнүп берилет.

"Өзгөн, Чоң-Алай райондорунда миңдеген үй-бүлөлөрдү жаңы конуштарга көчүрүп жатабыз. Кең-Сай аймагынан жер бөлүп берүү чечилди. Шаарга жакын, шартын түзүп беребиз. Курулуш материалдар жагынан жардам болот. Эл деген бар карап турбайт. Бул жерди жайыт катары пайдалана бересиздер. Бирок турак-жайды коопсуз жерге салбасаңыздар болбойт", — деди Сарыбашов.

Жабыр тарткан жарандар да айтылган пикирди кубаттап, жер маселеси чечилсе ал жакка көчүп барууга макул экенин айтып, шарт түзүп, курулуш иштерине жардам көрсөтүүнү суранышты.

Ал эми кырсык болгон жерге кошо барган өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Боронов сел менен кошо келген агындыларды жана шагыл топурактары тазаланарын айтып, техника берилерин кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0