Тойдо шаң, ырчыга нан болгон хит ырлар

Жазылуу
Кыргыздардын жашоосун тойсуз элестетүү мүмкүн эмес. Ар бир эле кыргыз бүлөсү элден бата алып той бергиси келет. Тойдун арты менен бир канча адамдар кызмат көрсөтүп, киреше табышат. Алардын бири — ырчылар.

Акыркы мезгилдерде тойду киреше булагына айланткан ырчылардын ар биринин репертуарынан той тууралуу ырды укса болот. Бирок баары эле атак алып келбейт. Анда тойдо элдин маанайын көтөрүп, ырчылардын капчыгын калыңдатып жаткан ырларды тизмектейбиз.

Орозонун бүтүшү менен араң эле тургандар күргүштөтүп той берип, мааракеде Съездбек Искеналиевдин "Мына минтип" ыры байма-бай жаңырып жатат. Быйыл ушул ырдын арты менен ырчы чакыруулар эки эсе көбөйгөнүн маек куруп жатып айтканы бар эле. 

Таланттуу жигиттер Азамат Исмаилов менен Азимхан Рахатовдун "Келин келгенский" ыры чыкканда бешиктеги балага чейин ушул ыр менен ооруп, тойлор бул ырсыз өтпөй калган. 

Учурда жылдызы жанып, ити чөп жеп жаткан Нурлан Насиптин "Эки жаш" ыры да көпчүлүктүн сүймөнчүлүгүнө татыды. 

Лейлектик кызды ырга салып атагын арттырган Гүлжигит Сатыбеков кайрадан той тууралуу ыр жаратып, эл кызматында. 

Ал эми Самара Каримова элден өзгөчөлөнүп кыз узатуу тууралуу ыр жараткан. 

Ал эми КРдин эл артисти Гүлнур Сатылганова дагы элден калбай "Жар-жар" ырын жаздырган. 

Ал эми Санжар Кошбай уулунун жеңелерге арнаган ыры али күнчө тойлордун көркүн ачып келет. 

"Биз" тобунун той ырына бийлебей коюу мүмкүн эмес. 

Султан Садыралиев белгилүү ырчы Кубик Калыковдун "Той ырын" жаңылап иштеп чыгып, тойдун көркү болууда.

Ирлан Таалайбеков болсо бир гана тамадалык менен чектелбей, Ильич Касымбеков аткарган "Тойго келгиле" ырын жаңылап иштеп чыккан.

Жаңылыктар түрмөгү
0