Баткен: ажылык сапарга барчулар билимин жогорулатууда

© Sputnik / Рамиль Ситдиков / Медиабанкка өтүүНамаз алдында куран китебин окуп жаткан адам. Архив
Намаз алдында куран китебин окуп жаткан адам. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Зыяратка камынып жаткандарга облус казысы сабак өтүүдө.

БИШКЕК, 23-июл. — Sputnik. Баткенде ажылык сапарга барчулар билимин жогорулатууда. Бул тууралуу муфтияттан билдиришти.

Паломники в Мекке - Sputnik Кыргызстан
Ажылык сапарга барчуларга 11 "болбойт"
Маалыматка ылайык, ажылык сапарга барчу жарандарга Баткен облусунун казысы Муса ажы Жолдошов ажылык парздардын аткарылышы боюнча сабак өтүүдө.

Сабактын жүрүшүндө зыяратчыларга ажылык парзды өтөөгө туура ниет кылуу, ажылык кийимдерди эрежеси менен кийүү, курмандык чалуу, чач алуу эрежелери окутулган. Андан сырткары  Арафат, Мина өрөөндөрүндөгү ажылыктын кыйынчылыктарына сабыр кылуу, ыйык Каабаны туура айлануу туурасында маалыматтар берилип жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0