Сахнадагы ычылар. Архив

Тыйыны жок тойго чакырбагыла! Ырчынын кыжырына тийген 6 учур

2949
(жаңыланган 12:24 24.07.2017)
Булбул үндүү ырчылар обон созуп койсо эле жашоосунда баары сонун деп ойлойбуз. Бирок, сиз алардын эмгегин баалабай койсоңуз ичиндеги ажыдаары ойгонуп кетиши мүмкүн.

Атын атагысы келбеген ата-мекендик ырчылар Sputnik Кыргызстан агенттигине агынан жарылды.

Тойдогу бийчи. Архив
© Sputnik / Табылды Кадырбеков
1. Ырчылар арасындагы көрө албастык. Чындыгында өнөр адамдары сезимтал болот. Бизде ичи тардык тамырлап алган. Кайда барба ор казышат. Айланайын, ар бир адамдын ырыскысы өзүндө! Ичти кенен коюп, кадамды кенен таштасак баарыбызга күйөрман, ыр, концерт, идея деген жетет.

2. Тамада менен пикир келишпестик. Адатта бир күндө 5-6 тойго план түзүп, ырдаганы барсаң тамада өз бийин бийлейт. Регламентти бузуп, өзү менен чайлашып, саламдашып жүргөн ырчыларды кезеги жок ырдатат. Урматтуу тамадалар биздин убакыт менен да эсептешип койсоңор!

3. Журналисттер кысымга алганда. Туура, биз журналисттердин жазганы, радио-телеге чыгарганы менен элге таанылып жатабыз. Жашоодо ар кандай кырдаалдар болот. Айрымдар эфирге кечигип же интервьюга келбей калсаң эле, экинчи чакыргыс болушат. Демейде шаңкылдап чыккан ырыңдын бири да радиодон чыкпай, баягындай жалтыр-жултур костюмду эфирге кийип бармай токтойт!

4. Жаалданган күйөрмандар. Бизди ар тараптан сыйлагандар интернетте отурат. Бири-бирибизди жакшы деле тааныбайбыз. Кат жазышат, чалышат. Анан эле жооп бербей калсаң, кызыл тилге салып шумдуктуу сөздөрдү жазышат. Күйөрмандар, комментарий менен "ок" жаадырып көнүп алдыңар!

5. Үкүлөр менен достошкондо. Бизде түндөсү таттуу уйкуда мемиреп, миң түркүн түштөрдү баштан өткөрүү деген жок. Күүгүмдө башталган той түн бир оокумда жыйынтыкталып, сен үйгө келип жаздыкка башты койгуча күн чыгайын деп калат. Айла жок, жашоонун жаргылчагын тартыш керек да!

6. Бекер ырдаткандар. Түшүнөм, эми сиз менен балким бир-эки жерден көрүшүп тааныш болуп калгандырмын. Мисалы, машинени катуу айдап баратып кармалгандырмын, же ишим түшкөндүр. Бирок, бул — тойлордо бекер ырдап бериш керек дегенге жатпайт. Болушунча ырдатат дагы, аягында "рахмат" деген сөзүн айтып жолго салышат. Бизге керек болсо туугандар да төлөп беришет!

2949
Белгилер:
той, жумуш, кесип, ырчы, Кыргызстан
Тема:
Кыжырды кайнаткандар (57)
Тема боюнча
Биз жеңил ойлуу эмеспиз! Стюардессалардын көңүлүн айныткан кардарлар
Юристтин көкөйүнө көк таштай тийген 7 учур
UFC чемпиону Хабиб Нурмагомедов. Архив

Көк бөрү көрөбүз! Хабиб машыктыруучусу менен Кыргызстанга келет

122
(жаңыланган 01:19 26.11.2020)
Нурмагомедов Кыргызстанга 2018-жылы келген. Анда ал өлкөдө ушунчалык атактуу экенине таң калганын билдирген.

БИШКЕК, 25-ноя. — Sputnik. UFC чемпиону Хабиб Нурмагомедовдун машыктыруучусу Хавьер Мендез Instagram баракчасына Кыргызстанга келип, көк бөрү оюнун көрүү каалоосу тууралуу жазган.

Посмотреть эту публикацию в Instagram

Публикация от Javier Mendez (@akajav)

Мендез менен Нурмагомедов азыр Бириккен Араб Эмирлигинде жүргөнү маалым болду. Машыктыруучу Кыргызстанды кайрадан көргүсү келип жатканын кыргыз ишкери менен жолукканда айткан.

"Кереметтүү Кыргызстанга барууну чыдамсыздык менен күтүп жатам, ошондой эле көк бөрү оюнун да көрсөк дейбиз", — деп жазган Мендез. 

UFC чемпиону да Instagram баракчасынын сторис бөлүмүнө "Жакында Кыргызстанга барам" деп жазган.

Белгилей кетсек, 2018-жылы Хабиб Нурмагомедов Улуттук олимпиада комитетинин чакыруусу менен өлкөгө келип кеткен. Анда ал КРде ушунчалык атактуу экенине таң калганын билдирген.

122
Белгилер:
Көк бөрү, спортчу, тренер, Хабиб Нурмагомедов, Кыргызстан
Тема боюнча
Миссиямды аткардым. Хабиб кайра октагонго чыгар-чыкпасын айтты
Бишкек шаары. Архив

Бейшембиге карата аба ырайы

62
26-ноябрга караган түнү өлкө аймагында жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет.

БИШКЕК, 25-ноя. — Sputnik. Бейшембиде күндүз республика боюнча күн ачык болот. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

Абанын температурасы Чүй, Талас облустарында +1...+6, Ош, Жалал-Абад, Баткен аймактарында +3…+8, Нарында -3…+2, Ысык-Көлдө -1…+4 градус болот.

Ош шаарында +4...+6 градус жылуу болсо, борбор калаада абанын температурасы +3...+5 градуска чейин жетет.

62
Белгилер:
Кыргызстан, ноябрь, аба ырайы
Тема боюнча
Күн качан жылыйт? Бир жумага карата аба ырайы