Карыганда кароосуз калган Айшакан эне: ар кимдин үйүндө эптеп күн өткөрөм

© Sputnik / Константин Чалабов / Медиабанкка өтүүКары аял. Архив
Кары аял. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ош облусунун Өзгөн районунда туулуп өскөн 84 жаштагы Айшакан Абдурасулова кароосуз калып, ар кимдин үйүндө күн кечирип келет.

БИШКЕК, 23-июл. — Sputnik. Багаар-көрөөр адамы жок жалгыз калган карыянын жашоо-турмушу менен Sputnik Кыргызстан агенттигинин аймактык кабарчысы таанышып келди.

Айшакан Абдурасулова учурда Жалал-Абад шаарында бейтааныш адамдар убактылуу жашап турууга берген бир бөлмөлүү үйдө күн кечирип келет. Өзү турак жайынан, үч баласынан 1990-жылкы каргашалуу окуядан кийин ажырап калганын айтат.

"Мен Ош облусунун Өзгөн районунан болом, Жалал-Абадга турмушка чыккам. 1990-жылы улуттар аралык жаңжал чыкканда үйүбүздү өрттөп кетишкен. Жолдошум экөөбүз үйдөн да, балдарыбыздан да ажырап калганбыз. Абышкам төрт жыл мурун бул дүйнө менен кош айтышты. Жалгыз, эптеп ар кимдин короосун шыпырып жан бакчу элем, азыр эки көзүм тең жакшы көрбөй эч нерсе кыла албай калдым. Эртеңки күнү көзүм өтүп кетсе сөөгүмдү ким жерге берет деп сай-сөөгүм сыздайт", — деди Айшакан апа.

Кароосуз калган карыяга шаардык мэрия бир маал ысык тамак берет, ошондой эле 2-топтогу майыптыгы үчүн мамлекет тарабынан 2000 сом жөлөк пул бөлүнгөн.

Жаңылыктар түрмөгү
0