Тамадалык бизнестин сыры жана күңгөй-тескейи тууралуу журналист Гүлдана Талантбекова билип көрдү.
— Интервьюга 5 минута калганда сыртта турганыңызды айтып, эмне кие келейин деп сурадыңыз. Тамадалар унаанын ичин батир кылып алат деген чын окшойт?
— Мурун залдын жасалгасына карап түркүн-түстүү кийимдерди салып алчумун. Азыр классикалык смокингим жана кэжуал стилиндеги костюмум бар.
— Анан сый көйнөктөр бырышып калбайбы?
— Үч жылдан бери спринтер менен жүрөм. Ичи бардык шартка ыңгайлашкан. Уктап да калсаң болот. Мындай машинени Норвегиядан 9 миң долларга алдыргам. Күнүмдүк жашоого жеңил унааларым деле бар.
— Учурда тамаданын саны арбын. Алардын кылган иши статусуна дал келип жатабы?
— Тамада орус сөзүнөн алынып, бизче "элдин көңүлүн ачкан адам" дегенди билдирет. Кыргыздар жарчы, казактарда асаба деп жүрөт. Шоумендин милдети — элдин жакшылыгында кызмат өтөп, тойду жөнгө салуу, конокторго сөз берүү, оюн-тамашасын ирээти менен өткөрүп, ырчы-чоорчулардын өнөрү менен тааныштыруу болуп эсептелинет.
Учурда тамаданын саны арбын. Көбү бул жумушту жеңил деп ойлошот. Адегенде элдин каада-салтын, үрп-адатын, тойдун түрүн катыра билиш керек. Кара сөз менен тарсылдата бербей, адабий тил менен сүйлөш керек. Эл арасында эркин, эл менен эл болгон адам тамада боло алат.
Элдин жакшылыгына жоопкерчилик алуу оңой иш эмес. Психологиялык жактан той ээсинен кем сарсанаа болбойбуз. Мээ эс албагандан кийин түнү да жакшы уктабай калабыз.Жеке эсебимде борбор боюнча 500дөн ашык тамада бар. Эшенкул Барпиев, Дүйшөн Байдөбөтов өңдүү агаларыбыз кыргыздын жакшылыктарында биринчи кызмат кылган тамадалар. Орто муундан Салтанат Саматова, Алтын Камчиев, кийинки муун биз, азыркы кичи муун катары жаш балдар чыкты. Арасында мыктылары да, шашып кеткендери да бар. Ресторандын администраторлору "жаңы тамадалар конокторду жөнгө сала албай, бизди да убара кылып жатышат" деп айтып калышат. Инилерди көргөн жерден тамадалыктын жол-жобосун түшүндүрүп коебуз. Бул жумуштун атайын окуусу жок болгондуктан, устат-шакирт болуп эле үйрөнүшөт.
— Башында сизде деле кыйынчылыктар болду беле?
— Албетте, бир топ жыл мурун тойго конок катары барсам, тамада кызып алып аяш атам менен аяш апам "сен аягына чыгарып бер" дегенинен алып барып калгам. Ошол тойдон кийин сунуштар түшө баштады.
— Бир күндө канча той алып бара аласыз?
— Рекорд койдум дегенде 3 той алып баргам. Анын бири иш-чара болчу. Күнүнө кеминде бирден той болуп турат. Рамазан айында орозо туткандыктан ишти убактылуу токтотом.
— Той ээси менен тамада тыйынга келгенде чартылдашып кетет деп угабыз?
— Мүмкүн болушунча акча маселесин башында эле чечишип алганга аракет кылабыз. Тойго чукул сумманын бир бөлүгү алдын ала берилет. Бир-эки жолу той эсси кызып калып, акчасын ресторанга да, бизге да төлөбөй үйүнө кетип калган учур болду. Эртеси сөзүнө туруп беришти.
— Сыр болбосо кызмат акыңыз канча?
— Бул кесиптин арты менен эң көп тапкан каржатыңыз канча болду эле?
— Шайлоо учурунда 15 миң долларды бир айда таап койгом. Бир күнгө 500 доллардан төлөп турушкан.
— Эми тойдогу кызыктуу учурлардан айтып берсеңиз?
— Бир жолу мен алып барган тойго эки жаш катышкан эмес. Жаштар Чикагодо болгондуктан туугандары борбордон эле той жасамай болушат. Биз тойго чукул интернетти туташтырып көрсөк жарытылуу иштеген жок. Анын үстүнө бизде түн болсо, аларга таң аткан убак болот экен. "Токтот, мунуңар болбойт" деп, түн ичинде алдын ала 12 видео жаздырып алдым. Бул окуяны тойдун ээси, экөөбүз гана жасадык. Той учурунда ди-джей адашып үчүнчү видеону кайталап коюп алганда, коноктордун бири "окшош сөздөр го" дегенинен, "жакшылыкта ырахматтан башка эмнени айтмак эле" деп сыр берген жокмун.
— Чатакташып кеткендер да болобу?
— Чакан үлпөт той болуп жаткан. Бир убакта баланын туугандары, ата-энеси баш болуп 30 киши ордунан туруп кетип калды. Көрсө, кыз кайын энеси менен айтыша кетип, "эмне кылып аласыңар, биз мурун эле жашап алганбыз" деп коюптур. Салтанаттуу түрдө никеге каттоо аземи башталды. Улам эле кыз тарапка сөз бере бердим. Антракт учурунда жигит атасын ээрчитип келиптир. Ошентип той өттү.
— Өзгөчө тойлор эсиңиздеби?
— Ыңгайсыз абалда калтыргандарычы…
— Тушоо той ээсинин үч аялы бар экен. Каалоо-тилек айтканга келгенде биринчи же экинчи аялы деп айта албай, "баланча эже келип койсоңуз" деп аттарынан чакырганым эсимде. Бирок абдан ынтымактуу адамдар экен. Баса, төртүнчү аялы Америкада болгондуктан келе албай калыптыр.
— Белгилүү адамдардыкын да көп алып барат деп угам?
— Төбөсү көрүнгөн адамдардын көбүнүн жакшылыктарын алып бардым. Жакында эле Мелис Турганбаев 55 жашын жалаң эркектердин курчоосунда өткөрдү. Залдагы 160 эркектин бардыгы ишкерлик, саясат чөйрөсүндөгү белгилүү адамдар экен. Эшенкул Барпиев байке кыргызча, мен орусча алып бардым.
— Той учурунда сизге эмне жакпайт?
— Эттин даяр эмес болгону. "Эт кана" десең, "быша элек, муздай элек, бөлүнө элек" деген башталат. Анан да мастар, тойдун кеч башталганы көкөйгө тиет.
— Алдыда кандай пландарыңыз бар?
— Тамадалык жумушту хобби катары карайм. Элибизде жакшылык болуп турса, кызматыбызды аябайбыз. Башкы жумушум — ишкерлик. Бул жаатта жакшы иштерди кылып жатабыз.
БИШКЕК, 14-апр. — Sputnik. Зомбулукка кабылган адам ден соолугуна жана өмүрүнө зыян келтирбеши үчүн кандай аракеттерди кылышы керектигин Республикалык ден соолукту чындоо жана массалык коммуникация борбору айтып берди.
Мекеменин эксперттерге таянып тараткан кеңешине ылайык, зөөкүр менен жалгыз калганда эң башкысы аман калуунун жана азыраак зыян тартуунун аракетин көрүү зарыл.
"Урушуп, талашуудан качып, айтканы менен болуп алдап көрүңүз. Ага да болбосо качыңыз, бирок шек алдырбаңыз. Анан милицияга чалыңыз же көчөдөгү элге кайрылыңыз. Окуя болгон жерге медиктерди да чакыртып, жаракаттарды каттатып калуу керек", — деп айтылат маалыматта.
Ал эми зөөкүр менен жашагандар үйдөн кетүүнүн планын иштеп чыгып алганы оң.
Буга чейин зомбулукка кабылгандар жана күбө болгондор үчүн аймактардагы кризистик борборлордун жана ички иштер башкармалыктардын номерлери тизмектелген.
БИШКЕК, 14-апр. — Sputnik. Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги Кыргызстандын бардык аймактарында убактылуу эмдөө жайлары ачылганын билдирди.
Чүй облусунда 8 жерде ачылган. Алар:
Бишкек шаары
Ош шаары
Ысык-Көл облусу
Жалал-Абад
Ош облусу
Нарын
Талас
Баткен
Министрлик учурда вакцинаны медиктер, мугалимдер жана күч түзүмдөрүнүн кызматкерлери алып жатканын белгиледи.
БИШКЕК, 14-апр. — Sputnik. Кыргызстандын ички дүң продукциясы (ИДП) үстүбүздөгү жылдын январь-мартында 118,4 миллиард сомду түздү. Бул тууралуу Улуттук статистика комитети билдирди.
Көрсөтүлгөн сумма өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу өлкө экономикасы 9,4 пайызга артка кеткенин айгинелейт. Ал эми Кумтөр кенин эсепке албаганда ИДПнын көлөмү 105,6 миллиард сом болуп 4,5 пайызга кыскарган.
Өндүрүштө, курулушта жана кызмат көрсөтүү чөйрөсүндө ишканалардын кыскарышы ИДПнын өсүү темпинин төмөндөшүн шарттаганы белгиленет. Бир гана айыл чарба тармагында 0,9 пайыз өсүү байкалган.Ошону менен бирге жыл башынан берки үч айда өткөн жылдын декабрына салыштырмалуу өлкө боюнча элдик керектөөчү товарлардын баасы 3,2 пайызга кымбаттаганы айтылды.
Ал эми тышкы жана өз ара соода жүгүртүүнүн көлөмү 800 миллион долларды түзүп, 18,3 пайызга төмөндөгөн. Анын ичинен экспортко чыккан товарлар 25,5 пайызга, импорт 15 пайызга азайган.
Январь-февраль айында Кыргызстандын ички дүң продукциясы 8,9 пайызга төмөндөгөнү маалым болгон.