Дүйшөмбүгө карата аба ырайы

© Sputnik / Табылды КадырбековКөл жээгинде эс алып жаткан шаар тургундары. Архив
Көл жээгинде эс алып жаткан шаар тургундары. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 4-9 метрден, 15-20 метрге чейин жетет.

БИШКЕК, 23-июл. — Sputnik. Дүйшөмбү күнү өлкөнүн айрым аймактарында өткүн өтүп, күн күркүрөшү мүмкүн. Бул тууралуу Кыргызгидрометтен билдиришти.

Маалыматта батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 4-9 метрден, 15-20 метрге чейин жетиши мүмкүндүгү айтылган.

Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында күн 38 градуска чейин ысыйт, Чүйдө 37, Таласта, 36, Ысык-Көлдө 29 жана Нарында 32 градус ысык болот.

Ал эми Бишкекте абанын күндүзгү температурасы 38 градуска чейин көтөрүлөт.

Жаңылыктар түрмөгү
0