Илимдер академиясынын журналына чет өлкөлүк илимпоздордун макалалары чыкты

© Sputnik / Табылды КадырбековЗдание Академии наук в столице
Здание Академии наук в столице - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Журналдын бул чыгарылышына тажик окумуштууларынын макалалары, кыргыз-кытай илимпоздорунун биргеликте өткөргөн изилдөөлөрүнүн жыйынтыктары жарыяланды.

БИШКЕК, 24-июл. — Sputnik. "Кыргыз улуттук илимдер академиясынын кабарлары" илимий журналынын жаңы санында Кыргызстандын, Казакстандын, Тажикстандын жана Кытайдын окумуштуулары өздөрүнүн илимий иштеринин натыйжасын жарыялады. Бул тууралуу академиянын маалымат кызматынан билдиришти.

Тоок чарбачылыгы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Бишкекте Корея менен Кыргызстандын тоокторунун генетикасы изилденет
Журналдын "Маалыматтык технологиялар" рубрикасынын алдында Автоматика жана маалыматтык технологиялар институтунун илимпоздору Жаныбек Шаршеналиев менен Айна Бакасованын өзүн-өзү уюштуруучу татаал динамикалуу тутумдарды вектордук башкаруудагы көйгөйлөрүнө байланышкан макалалары жайгашты.

Ошондой эле бул бөлүмгө тажик окумуштууларынын макалалары, кыргыз-кытай илимпоздорунун биргеликте өткөргөн изилдөөлөрүнүн жыйынтыгы жарыяланды.

Андан сырткары, журналга кыргыз кырка тоолорунун жана Чүй өрөөнүнүн дары-дармек өсүмдүктөрү жана Батыш Тянь-Шандагы ак карагай токойлорундагы базидиялуу козу карындары тууралуу макала чыкты.

Жаңылыктар түрмөгү
0