Кичине бала менен отурган аял. Архивдик сүрөт

Наристе жытына зармын! Кыргызстанда бала багып алуунун түйшүгү канчалык?

3839
(жаңыланган 12:21 27.07.2017)
Эксперттер өлкөдө бала багып алууну каалагандар улам көбөйүп жатканына карабай, асырап ала турган наристелер дээрлик жокко эсе деген пикирин айтышууда. Бала багып алуу процесси татаал жана көп убакытты талап кыларын соцкызматкерлер да жашырбайт.

Кыргызстанда бала асырап алуу процесси канчалык кыйын, эмне үчүн кыргызстандыктар балдар үйүнөн эмес, төрөтканалардан көбүрөөк бөбөк багып алууну каалашат жана бир жылда канча бала ата-энелүү болот? Бул суроолорго Sputnik Кыргызстан агенттиги жооп издеп көрдү.

Бишкек шаарынын тургуну Асылгүл менен Жаныбектин баш кошконуна сегиз жылга чукулдап калган. Бирок эки жаш бүгүнкүгө чейин балалуу боло албай, көрүнбөгөн дарыгери, барбаган табып, көз ачыгы калбаптыр. Акыры туугандарынын кеңеши менен бала багып алуу чечимине келишкен.

"Сегиз жылда эки жолу боюман түшүп, анысы аз келгенсип эл да "качан төрөйсүң, эмнеге төрөбөйсүң?" деген сөздөрдү айта берип тажатты. Канча байлыгың, акчаң болуп, бирок балаң жок болсо жашоо кызыгы болбойт экен. Кээ күндөрү жашагым келбей "эмне үчүн баарына буюрган бакыт мага буюрбайт" деп баарын таштап көз көргөн жакка кетип калгым келчү. Акыры туугандардын "балким бала асырап алсаңар артынан бала ээрчитип келээр" деген кеңеши менен Жаныбек экөөбүз бала багып алууну чечтик. Балдар үйүнөн тарта, төрөтканаларга чейин кыдырып бир жылдан бери ылайыктуу бала таба албай жүрөбүз ", — деди Асылгүл.

Бала багып алуу оңой эмес

Асылгүл жолдошу экөө алгач эле балдар үйлөрүн кыдырган. Бирок ал жакта көпчүлүгү оорулуу балдар экенин көрүп каалоолору сууп калганын айтышат.

"Көздөрүн жалдыраткан балдарды көрүп алып багып алгың келет. Бирок биз жаңы төрөлгөн же үч жашка чейинки дени сак бала издеп жүргөнбүз. Биздин талап менен бөбөк табуу чындап эле кыйын экен", — деди Асылгүл.

Каарманыбыздын сөзүнө Сокулук районундагы Военно-Антоновка балдар үйүнүн директору Аскар Масылов толук кошулат. Анткени балдар үйүндө чындап багып алууга муктаж балдар аз кездешет.

"Бизге жумасына эки-үч киши бала багып алат элем деп келет, бирок ылайыктуу бала жок. Себеби ар бир киши атайын жашын айтып, кыз же эркек бала болсо деген шарттары менен келишет. Бала багып алгысы келген ата-эне ал бала менен бир-эки жыл иштешет. Балага келет, көрөт, сүйлөшөт, дем алыштарда же майрамдарда баланы алып кетип, үйүн көргөзөт. Ошондон кийин гана эң акырында баладан барасыңбы деп сурап, макул болсо гана берилет. Бирок бизде көп жылдан бери багууга балдар алына элек. Мындан сырткары, бизге келген балдардын дээрлик 90 пайызы оорукчан наристелер", — деди Масылов.

Ал эми Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин Үй-бүлө жана балдарды коргоо башкармалыгынын башкы адиси Гүлзина Бообекова бала багып алуунун процесси татаал болгондуктан айрымдар кыйынчылыктан качып, баланы сатып алган учурлар кездешерин белгиледи.

"Көпчүлүк адамдар бала багып алуудагы процесс татаал экен деп нааразы болушат. Биринчиден бала асырап алуу — чоң жоопкерчилик, анын да өзүнүн жол-жобосу болот. Биз дагы ишеничке кирбеген адамга баланы дароо карматып кое албайбыз. Ал үчүн тиешелүү документтерди топтоп, кезекке туруусу кажет", — деди Бообекова.

Бообекова: бала асырап алууну кээ бирлер оңой ойлошот
Кыргызстанда бала багып алуунун жол-жоболору, керектелүүчү документтер:

Бала асырап алам деген үй-бүлө алгач аймактык бөлүмгө кайрылып, эмне себептен бала багып алганы жатканын түшүндүрүп бериши керек. Андан соң гана тиешелүү документтерди чогулта баштайт.

Керектүү документтер:

  • Бала багып алуучулардын балдар үйү жайгашкан райондун Камкордук жана көзөмөл бөлүмүнүн башчысына арызы;
  • Багып алуучулардын паспортунун көчүрмөсү;
  • Багып алуучулардын нике күбөлүгү (эгер үй-бүлөлүү болсо);
  • Туруктуу жашаган жериндеги үйүнүн документинин көчүрмөсү;
  • Иштеген жерин жана эмгек акысынын көлөмүн так көрсөткөн маалымдама, мүнөздөмө, өмүр баяны;
  • Ички иштер органдарынан соттолбогондугу тууралуу маалымдама;
  • Медициналык текшерүүдөн өткөндүгү тууралуу маалымдама. Башкача айтканда, тубдиспансерде каттоодо жокпу, онкологиялык, тери же психоневрологиялык оорулуу эмеспи, мына ушулар туурасында маалымдама.
  • Аталган документтерди тапшырган соң аймактык камкордук жана көзөмөл бөлүмү арыз ээсинин жашаган жерин барып текшерип, акт түзөт.
  • Арыз берилген күндөн тарта 14 күндүн ичинде аймактык бөлүмдүн кызматкери корутунду даярдайт.
  • Андан соң гана өздөрү арызда көрсөткөн талаптары боюнча кезегин күтөт.

Кезеги келген соң бала багып алам дегендердин койгон талаптары боюнча наристе чыгып калса эки тарапты (бала менен аны багып алчу адамдар) тааныштырып, жолуктурат. Бири-бирине жакса, соттун негизинде аны асырап алышат.

Кыргызстанда акыркы үч жылда канча бала асырап алууга берилген

Социалдык өнүгүү министрлигинин маалыматы боюнча бир жылда өлкөдө кыргызстандыктар 1000ге чукул, ал эми чет өлкөлүктөр 20дан ашык бала багып алат экен. Ал эми быйылкы жылы бөбөк асырап алууга 217 адам кезекте турат.

Асырап алууга балдар үйү эмес, төрөткана ылайыктуубу

Гүлзина Бообекова кошумчалап кеткендей бала асырап алууну татаалдаштырган дагы бир маселе — кыргызстандыктардын көбү жаңы төрөлгөн же үч жашка чейинки ымыркай багып алууну каалашат экен. Анын үстүнө ташталган балдардын көбү — майып наристелер.

"Бала асырап алам деген көпчүлүк кыргызстандыктар жаңы төрөлгөн ымыркайды багып алууну каалашат. Анткени жаш кыздар баласын төрөтканадан эле таштап кеткен учурлар көп кездешет. Болгону багып алчу адамына "баламан баш тарттым" деген документти толтуруп берип коюшат. Балдар үйүнөн үч жашка чейинки наристелерди деле багып алгандар бар. Бирок ал жактагы наристелердин 90 пайызы оорукчан. Биздин жарандар соо бала көп издесе, чет өлкөлүктөр оорукчандарын деле багып алат. Көпчүлүгү чет өлкөлүктөр багып алган оорукчан кыргызстандык балдарды органга сатат деп ойлошот. Чындыгында андай эмес, анткени бизден кеткен балдарды тыкыр көзөмөлдөп жыл сайын фото, видео отчет алып турабыз ", — деди Бообекова.

Ал ошондой эле акыркы учурда айрым кыргызстандыктар деле нышан, таңдайы жок же жүрөгүнөн кемтиги бар балдарды багып алган учурлар көбөйүп жатканын кошумчалады.

3839
Белгилер:
ата-эне, балдар үйү, төрөткана, бала, Кыргызстан
Тема боюнча
ЮНИСЕФ: тиешелүү чаралар көрүлбөсө, 13 жылдан кийин 70 млн. бала чарчап калат
Уккан кулак сүйүнсүн: төрөт маалында өлгөн энелердин саны азаюуда
Россияда ташталган беш кыргызстандык бала кайтарылды
Мечитте намаз кылып аткан киши. Архивдик сүрөт

Министрлик диний маалыматтарды абайлап чагылдырууга чакырды

15
(жаңыланган 17:35 05.12.2020)
Мекеменин билдиришинче, соңку кезде өзгөчө этияттуулукту талап кылган дин жана радикализм маселелерине тиешелүү билдирүүлөр чагылдырылып жатат.

БИШКЕК, 5-дек. — Sputnik. Ички иштер министрлиги диний маселелерди чагылдырууда мыйзамдагы нормалардын чегинен чыкпоого чакырат. Бул тууралуу мекеменин маалымат кызматы кабарлады.

Билдирмеге ылайык, соңку кезде өзгөчө этияттуулукту талап кылган дин жана радикализм маселелерине тиешелүү билдирүүлөр чагылдырылып жатат. Анын ичинде Баш мыйзамдан "Мамлекеттин башкаруусуна дин аралашпаган" түшүнүгүн алып салуу тууралуу сунуштар кызуу талкууга алынып, коомчулук ар кандай пикирлерин айтып жатканы белгиленет.

"Ушуга байланыштуу министрлик калкты радикалдаштыруу аракеттерин көргөн материалдарга көңүл бурууга милдеттүү. ИИМ жарандардан, диний жана коомдук ишмерлерден бул маселени талкуулоодо өзгөчө этият болуп, калкты тынчсыздандырбоого жана мыйзамда көрсөтүлгөн нормалардын чегинен чыкпаганга чакырат", — деп жазылган маалыматта.

Диний кастыкты козуткусу келгендерге мыйзам чегинде чара көрүлөрү эскертилди.

15
Белгилер:
эскертүү, ИИМ, Кыргызстан
Тема боюнча
Кыргызстанда ишмердигине тыюу салынган уюмдар. Тизме
Нашаа. Архивдик сүрөт

Кыргызстан БУУнун нашааны кооптуу баңгизаттын тизмесинен алуу чечимине каршы чыкты

14
(жаңыланган 17:27 05.12.2020)
Кара куурайды өтө кооптуу делген баңгзаттын катарынан чыгаруу чечимин БУУнун баңгизат каражаттары боюнча комиссиясы кабыл алган.

БИШКЕК, 5-дек. — Sputnik. Кыргызстан өзгөчө көзөмөлдү талап кылуучу кара куурай менен нашааны баңгизат каражаттарынын катарынан чыгарууга каршы добушун берген. Бул тууралуу ИИМдин Баңгизатты мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматы билдирди.

Буга чейин кара куурайды өтө кооптуу делген баңгизаттын катарынан чыгаруу чечимин БУУнун баңгизат каражаттары боюнча комиссиясы Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун сунушу менен кабыл алган. 27 мамлекет буга макул болсо, бирөө калыс экенин айткан. Ал эми 25 өлкө каршылыгын билдирген болчу. Өзгөртүү киргизүүнү колдогон мамлекеттердин башында АКШ жана Европанын бир катар өлкөлөрү турат. Каршы чыккандар — Кытай, Россия, Пакистан жана башка мамлекеттер. Бирок ар бир өлкө мурункусундай эле көзөмөлдүн кандай деңгээлде болорун өзү аныктай алат.

"Кыргызстан аталган өзгөртүүгө каршы чыккан 25 мамлекеттин ичинде. Көзөмөлдү төмөндөтүүгө багытталган бардык аракеттердей эле сунушталган демилге да он миңден ашуун гектар жеринде кара куурай өскөн Кыргызстандагы баңгизат боюнча кырдаалды курчутуп жиберет", — деп айтылат маалыматта.

Комиссия кабыл алган чечимдин кесепетин азайтуу үчүн Кыргызстан 1961-жылы чыгарылган баңгизат каражаттары боюнча Бирдиктүү конвенциянын 39-беренесин көздөмөкчү. Анда ар бир өлкөгө аталган эл аралык макулдашууда каралгандан катаалыраак көзөмөл жүргүзүүгө укук берилген.

Ведомствонун маалыматы боюнча, комиссиянын дээрлик бардык мүчөлөрү БУУнун баңгизатка каршы чыгарылган негизги конвенцияларын колдой тургандыктарын айтып, кара куурайды рекреациялык (саламаттыкты калыбына келтире турган ден соолукту чыңдоочу иш-чаралардын комплекси) максатта колдонуу үчүн мыйзамдаштырууга каршылыгын билдиришкен.

14
Белгилер:
каршылык, чечим, конвенция, БУУ, нашаа, кара куурай
Тема боюнча
Чек арада жети тоннадан ашуун кара куурай өрттөлдү. Сүрөт