КМШнын маданият министрлери Ысык-Көлгө чогулат

© Sputnik / Табылды КадырбековЕжегодный международный марафон Run the Silk Road на побережье Иссык-Куля
Ежегодный международный марафон Run the Silk Road на побережье Иссык-Куля - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Чолпон-Атада КМШга мүчө мамлекеттердин маданият жаатында кызматташуу кеңеши өтмөкчү

БИШКЕК, 25-июл. — Sputnik. Ысык-Көлгө КМШ мамлекеттеринин маданият министрлери чогулат. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана туризм министрлигинен кабарлашты.

Билдирмеге караганда, 3-4-август аралыгында Чолпон-Ата шаарында маданият жаатында кызматташуу кеңешинин 32-жыйыны өткөрүлөт.

"Тараптар 2016-2020-жылдар аралыгында маданият тармагында кызматташууга багытталган иш-чараларды ишке ашыруу маселелерин талкуулашат. Жыйынга КМШнын аткаруучу комитетинин жетекчилиги дагы катышат", — деп айтылат маалыматта.

Ошондой эле кызматташуу кеңешинин алкагында ART EXPO эл аралык көргөзмөсүн, "Шериктеш мамлекеттердин маданий борборлору" аттуу иш-чараларды ишке ашыруу жаатында сөз болмокчу.

Жаңылыктар түрмөгү
0