Кыргызстандык беш жаран Босфор кысыгынан сүзүп өттү

© AFP / OZAN KOSEБосфор кысыгын сүзүп өтүү боюнча континенттер аралык мелдештин катышуучулары
Босфор кысыгын сүзүп өтүү боюнча континенттер аралык мелдештин катышуучулары - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргызстандыктар 6,5 чакырым аралыкка сүзүшкөн

БИШКЕК, 25-июл. — Sputnik. Түркиядагы Босфор кысыгын сүзүп өтүү боюнча континенттер аралык 29-мелдешке кыргызстандык беш жаран катышты. Бул тууралуу уюштуруучулардын расмий сайтында маалымдалат. 

Ага 40 мамлекеттен келген 2 338 спортчу жана спорт сүйүүчүлөр катышып, 6,5 чакырымга сүзүү боюнча күч сынашкан. Кыргызстандыктардын арасындагы жалгыз аял Майя Жумакеева 40-44 жашка чейинкилер арасында 62-орунду ээлеген. Ал кысыкты 1:25:53 саат убакытта сүзүп өткөн.

30-34 жашка чейинки эркектер арасында өлкө намысын 33 жаштагы Айбек Күренкеев коргоп, аталган аралыкты 1:14:34 убакытта сүзүп өткөн. Ал эми 35тен 39 жашка чейинкилер 38 жаштагы Самат Буудайчиев 41-орунду ээлеп, кысыктан 1:09:52 убакытта чабак уруп келсе, 35 жаштагы Рустам Халиков 80-орунга татып, аралыкты 1:12:51 убакытта сүзүп өткөн. Ал эми 37 жаштагы Жапар Үсөнов 148-орунду ээлеп, марага саат 1:18:18де келген.

Босфор кысыгын сүзүп өтүү боюнча континенттер аралык мелдеш Түркияда 1989-жылдан бери өткөрүлүп келет.

Жаңылыктар түрмөгү
0