Албагандан кийин кармалаба! Флористтин жинин кашайткан 5 учур

© Sputnik / Валерий Мельников / Медиабанкка өтүүПродажа цветов накануне 8 марта
Продажа цветов накануне 8 марта - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бүгүн, 25-июль — флористтердин эл аралык күнү. Кыргызстан дагы бул тармактагы ишкерликти жөнгө салып алган.

Флорист — гүл кооздогон адам болгону менен, ал сатуучулукту да аркалайт. Мындан улам биз гүл адистерин иш учурунда кыжырына эмне тиерин билип көрдүк.

Этикетти билбегендер. Эгер сиз сүйлөшкөн кызыңыз менен гүл дүкөнүнө баш багып калсаңыз, сураныч, "сага кандайынан алып берейин" деп сурабай эле коюңузчу. Биринчиден, кафеге келген жоксуз, экинчиден, гүл сизге шоколад же суу эмес. Анан да гүлдү сол кол менен кармап, оң кол менен тапшырганды унутпасаңыз!

Гүл сатуучу дүкөнү. Архив - Sputnik Кыргызстан
Гүл берүү этикети: Голландия розасынан ашып түшкөн орхидея
Гүлдүн "эсин оодаргандар". Албетте, тандаган, көрүп, ойлонуп сатып алган жакшы деңизчи. Бирок гүл кармалай бергидей кийим эмес да, туурабы? Сизден кийин да башка кардарлар сатып аларын унутпаңыз!

Арзан, бирок барпырак гүл. Кечеге барганда кымбат баалуу көйнөк, жаркыраган макияж жасатканга машсыз. Анан эле гүл алууга келгенде чөнтөгүңүз какшып калат. Көпчүлүк кооз, чоң жана арзан гүл сатып алганды каалашат.

Безге сайгандай бекер кеңешчилер. Түшүнүп турам, кечеге ойдогудай гүл алып барууну пландап жатасыз. Бирок флористтин окуусун 10 жыл окугансыган досторуңузду ээрчитпей эле коюңузчу!

Мактанчаактар. Гүлдү аябай берилүү менен тандамыш болуп, бир чырк этме кылып, сүрөткөн түшө калгандарга таң калам! Кечирип коюңуз, азырынча бизде гүлдү убактылуу сатыкка алып, акчасын төлөтүп алган кызмат иштей элек.

Жаңылыктар түрмөгү
0