Мамкаттоонун жетекчиси кызматкерлерин сылык болууга чакырды

© Фото / пресс-служба ГРСМамлекеттик каттоо кызматынын төрагасы Дастан Догоев Баткен, Ош жана Жалал-Абад облустарына болгон жумушчу сапарынын жыйынтыгы боюнча өткөн чогулуш учурунда
Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасы Дастан Догоев Баткен, Ош жана Жалал-Абад облустарына болгон жумушчу сапарынын жыйынтыгы боюнча өткөн чогулуш учурунда - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Дастан Догоев биометрикалык маалыматтарды чогултуу боюнча мобилдик топтордун ишин жандандырууну тапшырды

БИШКЕК, 25-июл. — Sputnik. Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасы Дастан Догоев өз кызматкерлерине иш ордунда жарандарга сылык мамиле жасоого чакырганын мекеменин маалымат кызматы билдирди.

Ал мындай өтүнүчүн Баткен, Ош жана Жалал-Абад облустарына болгон жумушчу сапарынын жыйынтыгы боюнча өткөн чогулушта билдирген.

"Эл менен иштөө оор экенин түшүнүп турам. Эгер жаранга бир нерсени түшүндүргөндөн кийин түшүнбөй калса кайтадан жай айтып түшүндүргүлө. Жиниңерди келтирбей, керек болсо 2-3 мүнөткө сыртка чыгып, таза абадан дем алып, кайра келип айткыла", — деген кеңешин берди.

Чогулуштун жыйынтыгында ал биометрикалык маалыматтарды чогултуу боюнча мобилдик топтордун ишин жандандырууну тапшырып, ар бир аймакка бирден жабдуу жиберип, ишти колго алуу керектигин баса белгиледи.

Мобилдик топтор 5-августка чейин иштейт.

Жаңылыктар түрмөгү
0