Мусулман. Архивдик сүрөт

Бүгүн Бишкекте дин тутуу мыйзамы талкууланат

59
Аталган мыйзам долбоору Жогорку Кеңеште биринчи окуудан өтүп, кийинки кароосу 2017-жылдын күз айларына калтырылган.

БИШКЕК, 26-июн. — Sputnik. Борбор калаада бүгүн Кыргызстандагы диний уюмдардын ишмердүүлүгүн жөнгө салуу боюнча кереге кеңеш болот. Бул туурасында Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиядан кабарлашты.

Андан сырткары, "Кыргызстанда дин тутуу жана диний уюмдар жөнүндө" мыйзам долбоору талкууланат.

Аталган мыйзам долбоору Жогорку Кеңешти биринчи окуудан өтүп, кийинки кароосу 2017-жылдын күз айларына калтырылган.

Аталган документке пикирин билдирген эксперттер буга чейин анын ичинде аксаган нормалар бар экендигин, бир катар жерлерин кайра иштеп чыгуу зарылдыгын айтышкан.

59
Белгилер:
талкуу, мыйзам, дин
Тема боюнча
Атамбаев ислам динин арабдардын маданияты менен алмаштырбоо керектигин айтты