Чоң-Алайдагы мектепке 25 млн. сомго стадион курулат

© Sputnik / Айша КамиловаФутбол талаасы. Архив
Футбол талаасы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Тендер 26-июлда жарыяланып, мөөнөтү 16-августта аяктайт.

БИШКЕК, 27-июл. — Sputnik. Чоң-Алай айыл аймагына караштуу А.Саитов атындагы орто мектепке стадион куруу үчүн тендер жарыяланды.

Мамлекеттик сатып алуулар порталына жарыяланган маалыматка караганда, Чоң-Алай айыл өкмөтү курула турчу стадионго 24 миллион 822 миң 264 сом сарптоого даяр.

Тендер 26-июлда жарыяланып, мөөнөтү 16-августта аяктайт.

Жаңылыктар түрмөгү
0