Автобекеттин аймагындагы жер астындагы өтмөк жайдын аягына чейин оңдолот

© Sputnik / Данияр СандыбаевПодземный переход
Подземный переход - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жумушчулар жарыктандыруу жана вентиляциялык системасын оңдоп бүтүп, шыбак иштери башталды

БИШКЕК, 27-июл. — Sputnik. Чыгыш автобекетинин аймагындагы жер астындагы өтмөктү оңдоо иштери Кыргызстандын эгемендүүлүгүнө карата бүткөрүлөт. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматынан кабарлашты.

Аскер кызматкерлери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жер астындагы өтмөктү жоокерлер оңдоп жатат деген кабарга мэрия жооп берди
Муниципалитеттен билдиришкендей, реконструкция иштери аяктап калды. Учурда жумушчулар жарыктандыруу жана вентиляциялык системасын оңдоп бүтүп, шыбак иштерин башташты.

Мындан тышкары, мэрия Чүй-Абдрахманов жана Чүй-Манас көчөлөрүнүн кесилишиндеги өтмөктөрдү дагы оңдоп жатат. Соодагерлер жаз айларында орундарын бошотушкан.

Жаңылыктар түрмөгү
0