Республикалык сынакта Ат-Башы менен Таластын айыл өкмөттөрү мыкты болду

Жазылуу
Мамлекеттик сынак комиссиясынын чечими менен эки топ түзүлүп, сынакка катышкан айыл өкмөттөрдүн былтыркы жылы аткарган иштери менен жеринде таанышкан.

БИШКЕК, 28-июл. — Sputnik. Өкмөттүн алдындагы жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттик "Эң мыкты айыл өкмөтү" наамына татыган айылдарды аныктады. Бул тууралуу агенттиктин маалымат кызматы билдирди.

2016-жылдын жыйынтыгы менен райондук жана облустук комиссиялардын кароосунун жыйынтыгы менен жалпы мамлекеттик комиссиянын кароосуна 13 айыл өкмөтү сунушталган.

© Пресс-служба правительства / Сабыр АильчиевӨкмөттүн алдындагы жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттик "Эң мыкты айыл өкмөтү" наамына татыган айылдарды аныктады.
Өкмөттүн алдындагы жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттик Эң мыкты айыл өкмөтү наамына татыган айылдарды аныктады. - Sputnik Кыргызстан
1/3
Өкмөттүн алдындагы жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттик "Эң мыкты айыл өкмөтү" наамына татыган айылдарды аныктады.
© Пресс-служба правительства / Сабыр Аильчиев2016-жылдын жыйынтыгы менен райондук жана облустук комиссиялардын кароосунун жыйынтыгы менен жалпы мамлекеттик комиссиянын кароосуна 13 айыл өкмөтү сунушталган.
2016-жылдын жыйынтыгы менен райондук жана облустук комиссиялардын кароосунун жыйынтыгы менен жалпы мамлекеттик комиссиянын кароосуна 13 айыл өкмөтү сунушталган. - Sputnik Кыргызстан
2/3
2016-жылдын жыйынтыгы менен райондук жана облустук комиссиялардын кароосунун жыйынтыгы менен жалпы мамлекеттик комиссиянын кароосуна 13 айыл өкмөтү сунушталган.
© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевМамлекеттик сынак комиссиясынын чечими менен эки топ түзүлүп, сынакка катышкан айыл өкмөттөрдүн былтыркы жылы аткарган иштери менен жеринде таанышкан.
Мамлекеттик сынак комиссиясынын чечими менен эки топ түзүлүп, сынакка катышкан айыл өкмөттөрдүн былтыркы жылы аткарган иштери менен жеринде таанышкан. - Sputnik Кыргызстан
3/3
Мамлекеттик сынак комиссиясынын чечими менен эки топ түзүлүп, сынакка катышкан айыл өкмөттөрдүн былтыркы жылы аткарган иштери менен жеринде таанышкан.
1/3
Өкмөттүн алдындагы жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттик "Эң мыкты айыл өкмөтү" наамына татыган айылдарды аныктады.
2/3
2016-жылдын жыйынтыгы менен райондук жана облустук комиссиялардын кароосунун жыйынтыгы менен жалпы мамлекеттик комиссиянын кароосуна 13 айыл өкмөтү сунушталган.
3/3
Мамлекеттик сынак комиссиясынын чечими менен эки топ түзүлүп, сынакка катышкан айыл өкмөттөрдүн былтыркы жылы аткарган иштери менен жеринде таанышкан.

Мамлекеттик сынак комиссиясынын чечими менен эки топ түзүлүп, сынакка катышкан айыл өкмөттөрдүн былтыркы жылы аткарган иштери менен жеринде таанышкан.

Мектептин тамындагы жараңкалар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Кулаган, эскирген, тамчы аккан мектептер. Жөө-жалаңдап каттап, боз үйдө окуган балдар
Биринчи топтун ичинен мыкты деп Нарын облусундагы Ат-Башы районунун Терек-Суу жана Калинин кыштактары кирген Ак-Талаа айыл өкмөтү табылды. Айыл башчысына бир миллион беш жүз миң сом тапшырылды.

Баткен облусунун Баткен районунун Дара айыл өкмөтү 2-орунга татып, миллион сом байге алды.

Үчүнчү орунга Ош облусунун Алай районунун Талды-Суу айыл өкмөтү татыды (беш жүз миң сом).

Экинчи топтун арасынан:

Биринчи орун — Талас облусунун Кара-Бура районунун Бейшеке айыл өкмөтү (бир миллион беш жүз миң сом).

Экинчи орун — Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунун Ак-Чий айыл өкмөтү (миллион сом).

Үчүнчү орун — Жалал-Абад облусунун Сузак районунун Сузак айыл өкмөтү (беш жүз миң сом).

Жаңылыктар түрмөгү
0