Бишкектик кыздарды интимдик сүрөттөр менен шантаж кылган кишинин иши сотко өттү

© Sputnik / Илья Питалев / Медиабанкка өтүүАйыпталуучу. Архив
Айыпталуучу. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Айыпталуучу буга чейин бир нече жолу соттолгон

БИШКЕК, 28-июл. — Sputnik. Бишкектик жаш кыздарды шантаж кылып акча талап кылган жарандын иши сотко өттү. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Экспертно-криминалистическая лаборатория управления наркоконтроля по ЮФО - Sputnik Кыргызстан
Үйүндө 1 килограммдай героин сактаган жаран кармалды
Үстүбүздөгү жылдын жаз айларында милицияга беш кыздан арыз келип түшкөн. Алар бейтааныш киши интимдик сүрөттөрдү "интернетке чыгарам" деп коркутуп акча алып жүргөнүн айтышкан. 6-июлда шектүү Бишкектен колго түшүрүлгөн. Июндун аягында иликтөө иштери аяктап, шаардык ИИБ ишти Биринчи Май райондук сотуна өткөрдү.

Айыпталуучу буга чейин бир нече жолу соттолгон. Ал ошондой эле ИИМде уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары катталган.

Жаңылыктар түрмөгү
0