Ажыга барчулардын алгачкы тобу 7-августта учуп кетет

© Sputnik / Михаил Воскресенский / Медиабанкка өтүүМеккедеги зыяратчылар. Архив
Меккедеги зыяратчылар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мусулмандык парзын аткарам деп ниет кылган кыргызстандыктар Меккеге 15 каттам менен учат

БИШКЕК, 29-июл. — Sputnik. Быйыл ажыга бара турган зыяратчылардын алгачкы тобу Сауд Аравиясына 7-августта учуп кетишет. Бул туурасында муфтияттын маалымат кызматынан кабарлашты.

"Жалпысынан 15 каттам болсо, алгачкы үч рейс Бишкек шаарынан учат", — деп билдирди маалымат кызматы.

Быйыл кыргызстандык 4585 жаран ажылык сапарга аттанат.

Жаңылыктар түрмөгү
0