Россиялык аскерий учактар машыгууга катышуу үчүн Канттагы базага келди

© Sputnik / Виталий Аньков / Медиабанкка өтүүМиГ-31 БМ учагы. Архив
МиГ-31 БМ учагы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
МиГ-31 БМ заманбап жабдуулар орнотулган, бир эле учурда абадан алты объектини атууга жөндөмдүү аба техникасы

БИШКЕК, 29-июл. — Sputnik. Бомбалоочу россиялык учактар Уралдан ЖККУнун Канттагы аба базасына учуп келди. Бул туурасында аталган аскердик жайдын маалымат кызматынан кабарлашты.

Тосмолоп жана бомбалоого ылайыкташкан МиГ-31 БМ төрт миң чакырымды басып, Кыргызстандын куралдуу күчтөрүнүн бөлүктөрүнүн аскердик машыгуусуна катышмакчы.

Жаңыланган МиГ-31 БМге заманбап жабдуулар орнотулган, бир эле учурда абадан алты объектини атууга жөндөмдүү. Андан сырткары канаттуу жана баллистикалык ракеталарды атып түшүрө алат.

Жаңылыктар түрмөгү
0