Ак-Талаадагы шамал үйдүн чатырларын учуруп, электр түркүктөрүн кулатты

© © SputnikКатуу шамаалдан чатырга кулаган дарак. Архив
Катуу шамаалдан чатырга кулаган дарак. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Шамал кечээ 17:10 чамасында болуп, ылдамдыгы секундасына 12 метрге жеткен

БИШКЕК, 29-июл. — Sputnik. Кечээ кечинде болгон катуу шамал Ак-Талаа районундагы Үгүт айылында төрт үй менен бир нече сарайлардын чатырын учуруп кетти. Бул туурасында ӨКМдин маалымат кызматынан кабарлашты.

"Шамал кечээ 17:10 чамасында болуп, ылдамдыгы секундасына 12 метрге жеткен. Чатырлардан сырткары эки электр түркүгү кулап, электр кубатын берүү үзгүлтүккө учураган", — деп айтылат маалыматта.

ӨКМ райондук электр тармактары бир түркүктү ошол күнү кайра тургузгандыгын, калган иштер бүгүн да улантылып жаткандыгын билдирди.

Маалыматта жабыркагандар жок экендигин айтылды.

Жаңылыктар түрмөгү
0