Өкмөт: оор абалга кабылган балдар менен иштешүү начар болууда

© Sputnik / Табылды КадырбековТаштанды төгүүчү жайдагы бала. Архив
Таштанды төгүүчү жайдагы бала. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Башкы прокуратуранын маалыматы боюнча 2016-жылы 1558 бала ата-энесинин камкордугусуз калса, 139у зомбулукка туш болгон.

БИШКЕК, 30-июл. — Sputnik. Ювеналдык юстиция боюнча ведомстволор аралык координациялык кеңешке Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын №14 колониясына жана республикадагы өзгөчө шарттарда тарбиялануучулары бар мектептерге мониторинг жүргүзүү тапшырмасы берилди. Бул туурасында өкмөттүн маалымат кызматы кабарлады.

Өкмөттө өткөн жыйында балдардын укугун сактоо, оор абалга туш болгон үй-бүлөлөргө, балдарга колдоо көрсөтүүчү борборлордун ишмердүүлүгүн турукташтыруу маселелери каралган.

Башкы прокуратуранын маалыматы боюнча 2016-жылы турмуштук ар кыл оор абалда калган 1380 бала катталган. 1558и ата-энесинин кароосу жок калса, 139 бала зомбулукка туш болгон.

"Отурумдун жыйынтыгы боюнча Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин оор абалга туш болгон балдардын укуктарын коргоо боюнча аткарган иштери начар экендиги аныкталды", — деп жазылган маалыматта.

Жыйынга катышкан вице-премьер Чолпон Султанбекова оор абалда калган балдарды каттоо жана аларга ар тараптуу колдоо көрсөтүү боюнча мамлекеттик органдар бири-бири менен тыгыз иштебей жаткандыгын белгилеген.

Жаңылыктар түрмөгү
0