Алия Шагиева: Нарынга барып, сүйүнүчтөн ыйладым

Жазылуу
Алия Шагиева Нарынга барып, айылдын жашоосу тууралуу кыска видео тарткан

Президент Алмазбек Атамбаевдин кызы Алия Шагиева Нарынга барып, ал жактан алган сезимдерин Facebook баракчасына бөлүштү.

Ал элдин кең пейилдигин, жаратылыштын кооздугун, асман толгон жылдыздарды көрүп кубанычынан ыйлаганын жазган. Ал ошондой эле Нарын тууралуу тарткан видеосун дагы жарыялады.

"Нарынга болгон сапарым мен ойлогондон да укмуштуудай сезимдерди калтырды. Ал жактан алган таасирди башка эч жактан сезген эмесмин. Кең пейилдүү эл, ээсине берилген иттер, асманда жыбыраган жылдыздар деги койчу, мунун баарын көрүп отуруп кубанычтан ыйладым. Бул жерге болгон сүйүүмдү, алган сезимдеримди сөз менен толук жеткирүү мүмкүн эмес", — деп жазган Шагиева.

Ал Нарындын эли жашоого, аба ырайына, өкмөткө нааразы болбой, балдарына мыкты тарбия берип бактылуу жашарын кошумчалаган.

Алия Шагиева тууралуу 6 фактыны Sputnik Кыргызстан материалынан окуңуздар>>

Жаңылыктар түрмөгү
0