Кыргызстандык окуучу дүйнөлүк олимпиадада күмүш медалга ээ болду

© Фото / пресс-служба международного образовательного учреждения "Сапат"Ученик образовательного учреждения "Сапат" Даян Мэлисов
Ученик образовательного учреждения Сапат Даян Мэлисов - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
International Biology Olympiad IВO-2017 олимпиадасында 67 мамлекеттен барган 260 окуучу биология сабагы боюнча билимин сынады

БИШКЕК, 31-июл. — Sputnik. Эл аралык "Сапат" билим берүү мекемесинин окуучусу Кыргызстандын курама командасы менен биология сабагы боюнча дүйнөлүк олимпиадада (International Biology Olympiad IВO-2017) күмүш медалга ээ болду. Бул тууралуу аталган окуу жайдан билдиришти.

Кыргызстандык окуучулар Бразилия жана Индонезияда өткөн эл аралык билим олимпиадасына катышып, төрт коло медаль алышты - Sputnik Кыргызстан
Билим боюнча эл аралык олимпиадада кыргызстандык окуучулар 4 коло байге алды
Күмүш медалга ээ болгон Даян Мэлисов Таластагы "Манас-Ата" лицейинин 11-классынын окуучусу.

International Biology Olympiad IВO-2017 23-30-июль күндөрү Англиянын Кавентри шаарында өттү. Ага жалпысынан 67 мамлекеттен 260 окуучу биология сабагы боюнча билимин сынаган.

Биология сабагы боюнча дүйнөлүк олимпиада 28 жылдан бери өткөрүлүп келүүдө. Олимпиаданын шарты боюнча катышуучулар теоретикалык жана практикалык тапшырмаларды аткарышат.

Аталган олимпиадада байгелүү орун алуу биология сабагын тандап алган окуучулар үчүн чоң жетишкендик. Анткени бул дүйнөдөгү алдыңкы ЖОЖдорго окууга өтүүгө мүмкүнчүлүк берет.

Жаңылыктар түрмөгү
0