Муфтият зыяратчылар кандай баштыктарды алышы керектигин маалымдады

© Sputnik / Михаил Воскресенский / Медиабанкка өтүүПаломники во время хаджа в Саудовской Аравии
Паломники во время хаджа в Саудовской Аравии - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Быйыл кыргызстандык 4585 жаран ажылык сапарга аттанат

БИШКЕК, 31-июл. — Sputnik. Сауд Аравиянын жарандык авиациясы Кыргызстандын муфтиятына жолдогон катына быйылкы жылы келе турчу зыяратчылар кандай баштыктарды алышы керектигин белгилеген. Бул тууралуу муфтияттын маалымат кызматы билдирди.

Паломники в Мекке - Sputnik Кыргызстан
Ажылык сапарга барчуларга 11 "болбойт"
Ага ылайык, ажылар салмагы 32 килограмм, узундугу 56 сантиметр, туурасы 45 сантиметр, бийиктиги 25 сантиметр болгон чемодандарды алууга тийиш.

Ошондой эле ар бир жүктө зыяратчылардын аты-жөнү, авиакомпаниянын рейси, номери, аталышы, учуу убактысы болуусу шарт.

Сауд Аравиянын жарандык авиациясы мындай шарттар ажылык жана умра залдарында коопсуздукту камсыз кылуу үчүн киргизилип жатканын билдирген.

Кыргызстандык ажылардын алгачкы тобу 7-августта Бишкек шаарынан учат. Жалпысынан Бишкек менен Ош шаарларынан 15 каттам уюштурулат. Быйыл кыргызстандык 4585 жаран ажылык сапарга аттанат.

Жаңылыктар түрмөгү
0