Жаңы чыккан унаалар, белекке берилген миллиондор. Депутаттардын эмне мүлкү бар

© Sputnik / Табылды КадырбековПервое заседание 6 созыва Жогорку Кенеша
Первое заседание 6 созыва Жогорку Кенеша - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мамлекеттик кадр кызматынын расмий сайтына Жогорку Кеңеш депутаттарынын 2016-жылкы декларациясы жарыяланды.

Депутаты Жогорку Кенеша во время заседания - Sputnik Кыргызстан
Үрүп чыгар ити жок депутаттар. Тизме
Карап отурсаң, кызыктар көп. Депутаттардын арасында парламенттеги бир жылдык кызматы үчүн бири 1 миллион сом тапса, экинчиси 43 миң сом гана алыптыр. Мындан тышкары, былтыр бир нече депутат миллиондогон акчаларды белекке алганын жазышыптыр.

Ошондой эле бир жыл ичинде эң көп айлык алган депутаттын кирешеси кыргызстандыктардын орточо айлыгынан дээрлик алты эсе жогору экени белгилүү болду.

Мисалы, депутат Дастан Бекешев 2016-жылы 1 миллион 124 миң 477 сом алса, орточо айлык алган жаран 172 миң сом (2016-жылы Кыргызстанда орточо айлык 14350 сомду түзгөн — ред.) иштеп тапкан.

Жаңылыктар түрмөгү
0