Бишкекте улгайган адамдар үчүн компьютердик курс ачылды

© Sputnik / Максим Богодвид / Медиабанкка өтүүПервая республиканская IT- Олимпиада третьего возраста в Казани
Первая республиканская IT- Олимпиада третьего возраста в Казани - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ыктыярчылар улуу муундагыларга ноутбукта иштегенди, интернетке киргенди үйрөтүшөт.

БИШКЕК, 1-авг. — Sputnik. Борбор калаада карылардын компьютердик сабаттуулугун жоюу үчүн атайын компьютердик курс ачылды. Бул тууралуу Кыргызстандын Кызыл жарым ай коому билдирди.

Маалыматка ылайык, аталган коомдун ыктыярчылары улуу муундагыларга ноутбукта иштегенди, интернетке киргенди үйрөтүшөт.

"Пенсия курагына келип калган ата-апалардын компьютердик сабаттуулугун жоюу менен биз аларга заманбап жашоого жол ачабыз. Кыргызстандын да кары-картаңдары өздөрүнүн балдар, неберелеринен кем калбай интернет тууралуу түшүнүк алышы керек", — деп жазылат маалыматта.

Кызыл жарым ай коому Бишкек шаарында, Чүй, Ысык-Көл облустарында жалпы карылар үчүн 7 клуб ачкан. Ал жерде ата, апалар сүрөтчүлүк, кол өнөрчүлүк менен алектенип, гимнастика жасашат.

Жаңылыктар түрмөгү
0