Август айындагы күндүн тутулушун кыргызстандыктар көрө алабы

© Sputnik / Михаил Воскресенский / Медиабанкка өтүүТрансляция солнечного затмения в Москве
Трансляция солнечного затмения в Москве - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Күндүн толук тутулушун NASA түз эфирде көрсөтөт. Өзгөчө жаратылыш кубулушун көрө албагандар үчүн бул жакшы мүмкүнчүлүк.

БИШКЕК, 1-авг. — Sputnik. Жер шарынын жарымынан көбүнө 21-августта күндүн тутулушу көрүнөт. Бул тууралуу Space.com басылмасы билдирди.

Маалыматка ылайык, күндүн толук тутулушу АКШда гана даана көрүнөт. Тагыраагы, Орегондон Түштүк Каролинага чейин асман караңгы болот.

"Күндүн толук тутулушун Орегон, Айдахо, Вайоминг, Небраска, Канзас, Миссури, Иллинойс, Кентукки, Теннесси, Жорджия, Түндүк Каролина менен Түштүк Каролинадан көрүүгө болот", — деп айтылат маалыматта.

Күндүн тутулушун көрө албагандар үчүн NASA жаратылыш кубулушун түз эфирде көрсөтөт.

Белгилей кетсек, күндүн тутулушу Кыргызстанда байкалбайт.

Жаңылыктар түрмөгү
0