Кыз узатуу. Архивдик сүрөт

Кыз узатуудагы 7 "болбойт"

3938
(жаңыланган 13:43 16.08.2018)
Элибизде "кыздын бараар жери күйөө" деген жакшы сөз бар. Этнографтардын айтымында, илгери кыздарды ала качып кетүү деген болгон эмес, андай учур катталса үй-бүлө эмес, бүтүндөй бир уруу жоопко тартылган. Андыктан мурдатан эле бала тарап кыздын ата-энесинин алдынан өтүп, эрте эле ага куда түшүп же сөйкө салып, анын алып кетишкен.

Азыр да бул салт кайра жанданып, дүркүрөгөн той менен кыз узаткандардын саны көбөйдү. Ошол эле учурда той деп эле өткөрүп койбой анын да өз каадасын жасоо керек. Буга байланыштуу Sputnik Кыргызстан агенттиги этнограф Октябрь Капалбаев жана Ат-Башы районунун тургуну Жумаш Окееванын жардамы менен кыз узатуу жөрөлгөсүндө жасоого болбой турган нерселерди тизмектеп көрдү.

Улуттук кийим кийген кыз. Архивдик сүрөт
© Sputnik / Табылды Кадырбеков
Кыз алганы келген тарапка баш тартылбайт. Кызды алганы келген кудаларга эч качан баш тартылган эмес. Анткени кыргыздар баш алган жерге баш бербейт деген сөзгө өзгөчө маани беришкен.

Кыз алганы келген тарапты көңүл кош тоспойт. Илгери кыргыздар кыз узатуу тойлорун 30-40 күндөп өткөрүп, чоң той беришкен. Колунда барлары улуттук оюндун түрүн ойнотуп, ал эми кыз алчу тарап түрлөп малын алып келген. Элибиз "куда миң жылдык" деген сөздү бекем карманып, келген тарапка сөзсүз мал союп, дасторконун жайнатып сый көрсөткөн.

Кыз кетээрде энеси узатып чыкпайт. Кызды үйдөн кетип жатканда апасы аны коштоп чыккан эмес. Ага кудалар тарап "кызыңыздын түшкөн жери оор болсун" деп көйнөгүнүн этегине таш бастырып койгон. Ошондой эле апасынын ачуусун басуу максатында туз жалатып койгон.

Кыз чачын жайып кетпейт. Илгери кыздардын чачынан улам анын кайсы куракта экенин билүүгө мүмкүн болгон. Мисалы, беш көкүл өрүлгөн чач болсо аны секелек кыз катары билишкен. Күйөөгө узатаарда гана беш көкүл чачын жазып, эки өрүм кылып өрүшкөн. Ошондой эле кыздын эже-жеңе, апалары кыздын чач өрүмүн жазып жатып чечип жатып кошок кошкон. Себеби мурун кыз алыс жакка кетсе, каттоо кыйын болуп кийин көрүшөр-көрүшпөсү белгисиз болгон.

Кызды жалгыз кетирбейт. Кызын узатып жаткандар сөзсүз анын жанына жеңесин, азыркы тапта курбу кыздарын кошуп жиберишет. Анткени алар кыз менен барып аны көндүргөнчө, барган жеринин кандай экенин көрүп кайра келип ата-энесине маалымат берип, көңүлүн жай кылган. Ошондой эле кызды жаңы кетип жатканда эч качан эркек тууганы коштоп барбайт.

Кыз каалаган кийими менен кетпейт. Кыз бала турмушка аттанып жатканда ачык, кыска кийинген эмес. Ага апасы, жеңелери эртелеп сандыгына келинге ылайыктап кийим ырастап коюшат. Ошентип кыз эки өрүм чач, узун көйнөк менен күйөөгө узаган.

Кызды сөйкө салмайынча алып кетпейт. Мурда кызга көз арткандар эртелеп эле сөйкө салып же куда түшүп коюшкан. Муну менен кыз алчу тарап аны эртелеп "менчиктеп" койгон болгон. Азыр кызды алып кетээрде сөйкө салышат. Бул да туура. Сөйкө салуу "бул кыз биздики болду" деген маанини туюндурган. Мындан тышкары, кызды алып кетип жатып жоолук салбайт. Кызды алып кетип жатканда кызга сөйкө гана салынат. Ал эми жоолукту баланын үйүнө барганда гана кайненеси салып, көшөгөгө киргизген.

3938
Белгилер:
кыз узатуу, салт, кудай, той, каада-салт, Кыргызстан
Тема:
"Болбойт" рубрикасы (83)
Тема боюнча
Кайната-кайненеге тиешелүү 12 "болбойт"
Бой жеткен кыздарга тиешелүү 9 "болбойт"