Эркектин колун сындырып койгон Ыргал Кадыралиева тууралуу 12 факты

© Фото / пресс-служба ЖКЭкс депутат ЖК Ыргал Кадыралиева
Экс депутат ЖК Ыргал Кадыралиева - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Ыргал Кадыралиева бүгүн 36 жашка чыкты. Ал көптөр үчүн курч мүнөзү, ишенимдүү үнү, сулуулугу менен эсте калат.

Журналист Гүлдана Талантбекова Ыргал Кадыралиева тууралуу 12 факты даярдады.

1. Жетинин бири кыдыр. 1981-жылы 2-августта Ош облусунун Өзгөн районунун Куршаб айылында төрөлгөн. Үйдө сегиз бир туугандын жетинчиси. Атасы фельдшер, апасы мээрман айым.

2. Бир казан шорпого түшүп калып… 1,5 жашында казандагы шорпого түшүп калып, апта бою комада жаткан. Ушунун кесепетинен чачы 5 жашында гана толук чыккан. Ага карабай учурда чачы узун. 

© Фото / предоставлено Ыргал КадыралиевойЖогорку Кеңештин мурдагы депутаты Ыргал Кадыралиева
Экс депутат ЖК Ыргал Кадыралиева - Sputnik Кыргызстан
Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Ыргал Кадыралиева

3. Горбачевго батынган кыз. Алты жашында "арак чыгарууну токтотуңуз" деп Михаил Горбачевго кыргызча кат жазган. Бирок жооп келген эмес. Мындай кадамын "атам иччү, ошого арга издегем" деп түшүндүргөн.

Президентские выборы в Казахстане - Sputnik Кыргызстан
Нурсултан Назарбаев 77 жашта! Эл башы тууралуу кызыктуу 15 факты
4. Атанын ак каргышы. Бала кезинде дарыгер болом деп кыялданган. Мектепти бүткөндө бир үйдөн үч бала окууга тапшырыш керек болгон. Атасы "кыз бала бирөөнүн бүлөсү, Ыргалды окутпайм" дейт. Бирок кызынын жазган ыры райондук "Өзгөн нуру" гезитине жарык көрүп калып, окутууга макул болгон. Үч баласы ийгиликтүү окууга өтүп, келин алышса ал дагы студент болот. Ал учурда үйдө дагы бир студент бар эле. Ошондо атасы "жаман көргөн кишиңди беш студент окутуп кал деп каргаш керек экен" деп айтканы бар.

5. Иш тажрыйбасын мугалимдиктен баштаган. 2003-жылы ОшМУда филология факультетин аяктап, ошол эле окуу жайдын юридика бөлүмүн бүтүргөн. Кийин өзү билим алган гимназияга келип, кыргыз тили жана адабиятынан сабак бере баштаган. Ишине катуу берилип кеткендиктен мектепти таштап, аспирантурага бара албай кыйналган.

6. Эйфель мунарасына жалгыз чыккан. Биринчи жолу 29 жашында чет мамлекетке, болгондо да Францияга барган. Эйфель мунарасына жалгыз чыгып, башка түгөйлөрдүн өтүнүчү менен фото сүрөтчү болуп берген. Ошондо теңимди таап турмушка чыксам кайра келем деп өзүнө убада берген. Бирок азырынча бара элек.

Мамлекеттик жана коомдук ишмер, президенттик аппараттын жетекчиси Сапар Исаковдун архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Кырктын кырына чыккан Сапар Исаков тууралуу 5 факты
7. Ыргал аталган кыздар. Мурдагы депутат айымдын айткандарына караганда, анын ысымынан төрт кыздын аты коюлган. Ал кыздарга жолугуп, алтын сөйкө таккан. Ыргал Кадыралиева деген да кичинекей кыз бар экендигин билет.

8. Таарынычы, корккону. Ал айрым адамдар аны текебер деп кабыл алгандыгына капаланат. Өзүн сылык жана шайыр мүнөз деп сыпаттайт. Эч нерседен коркпойм дейт, бирок чындыгында мас адамдан аябай коркот.

9. Таланттуу адамдарды баалайт. Биринчи жолу жети жашында Нооруз майрамында сахнага чыгып обон созуп, бий бийлеген. Атасы "сен мага артист болуп бербей эле кой" дегенден соң, ырдабай калган. Кийин "Кош жылдыз" телешоусуна катышып, башкы орунду жеңип алган.

10. Жашоодогу катуу сокку. Агасы, ЖКнын 4-чакырылышындагы депутат Санжар Кадыралиевдин өлүмү карындашы үчүн оор тийген. Өзүнүн айтымында, түз жолдон тизеге чапкандай эле болгон: "Агамдын өлүмү саясий өлүм болгондуктан, анын артынан сая түшүп, саясатка кантип келгенимди билбей калдым. Жаштар электрондук дарегиме "мен сиздей болгум келет" деп жазып калышат. А мен ичимден "ылайым мендей болуп калбагыла дейм" деп айтканы бар.

Предприниматель, первый председатель политической партии Замандаш Мухтарбек Омуракунов - Sputnik Кыргызстан
Жалп өчкөн жаш өмүр, жасалбай калган иштер. Мухтарбек Өмүракунов тууралуу 5 факты
11. Эркектин колун сындырган Ыргал айым. Аялдардын укугун коргоону ар дайым биринчи орунга коет. Аны төмөнкү окуядан улам баамдасаңыз болот. "2013-жылы болсо керек, көчөдө үч баласын ээрчиткен жубайлар уруша кетип, күйөөсү аялын ура баштады. Болушам деп күйөөсүнүн колун сындырып койгом. Арызданмак болуп, араң кечиришип, анан азыркыга чейин катташып калганбыз. Тиги бала азыр да колум ооруйт деп калат" деп айтканы бар.

12. Учурда 1 жана 3-класстагы эки уулду тарбиялайт. Депутат кезинде танаписке чыкканда балдарын эмизип келип иштегенин көп эстейт.

Жаңылыктар түрмөгү
0