Медакадемия мурунку "Ысык-Көл" мейманканасынын имаратын алууну көздөп жатат

© Sputnik / Табылды КадырбековГостиница "Иссык-Куль" в столице
Гостиница Иссык-Куль в столице - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
ЖОЖ аталган имаратты клиника кылып өзгөртүүнү өз мойнуна алып, бийликтен уруксат гана керектигин белгиледи.

БИШКЕК, 3-авг. — Sputnik. Иса Ахунбаев атындагы медициналык академиянын жетекчилиги бийликтен учурда иштебеген "Ысык-Көл" мейманканасынын имаратын окуу жайдын балансына өткөрүп, клиника түзүүнү өтүнүүдө. Бул тууралуу академиянын маалымат кызматы билдирди.

Ректор Индира Кудайбергенованын айтымында, ушу тапта КММА менен биргеликте акыркы жылдары курулуп, бирок жеке клиникалык базасы жок бир катар медициналык окуу жайлар жана факультеттер бар. Алардын баары Медакадемия тарабынан колдонулуп келген ооруканалар аймагында жайгашып келет.

"Мындан улам диагностиканын жана дарылоонун жаңы технологиясы камтылган жаңы клиника куруп же мурунку клиниканы калыбына келтирүү зарылчылыгы келип чыкты", — деди ректор.

Академиянын жетекчиси клиника түзүүгө окуу жайдын каражаты жетиштүү экени белгиледи.

127 чарчы метр аянтты ээлеген имарат Бишкектин түштүк аймагынан орун алган. Бийлик эски имаратты калыбына келтирүүгө ниеттенип жатат. Долбоордун божолдуу баасы 65 миллион долларды түзөт.

Жаңылыктар түрмөгү
0