Май куюучу жайдагы жарылуу: ооруканада жаракат алгандардын бирөө гана калды

© Фото / пресс-служба МЧС КРМай куюучу жайдагы жарылуу.
Май куюучу жайдагы жарылуу. - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Окуя болгондон кийин ооруканага сегиз киши алып келинип, анын экөө каза болгон

БИШКЕК, 3-авг. — Sputnik. Ысык-Көл облусунун Ананьево айылындагы май куюучу станциядагы жарылуудан жаракат алгандардын бирөө гана учурда ооруканада жатканын Саламаттык сактоо министрлиги билдирди.

Тез жардам автоунаалары. Архив - Sputnik Кыргызстан
Ысык-Көлдө Audi унаасынын багы жарылып, айдоочу күйүп калды
Анын абалы канааттандырлык. Ага аутодермопластика боюнча операция жасалган.

Ооруканадагы үч жаран үйүнө чыгарылган, аларга да аутодермопластика жасалган.

Эскерте кетсек, кырсык 19-июнда болжол менен саат 17.22лерде Ананьево айылында май куюучу жайда болгон. Анын кесепетинен 52 жаштагы эркек киши жана анын 10 жаштагы баласы каза таап, 8 адам ооруканага жеткирилген. Алардын бири 22-июндун таңында көз жумган. 23-июнь күнү бейтаптар Бишкектеги Күйүк борборуна алып келинип, алты күндөн кийин күйүк алган дагы бир киши каза болгон.

Жаңылыктар түрмөгү
0