Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери. Архивдик сүрөт

Бишкек ШИИБге жаңы жетекчи келди

283
(жаңыланган 12:52 04.08.2017)
ШИИБдин мурдагы башчысы Курманкулов кайсы кызматты ээлей турганы азырынча белгисиз

БИШКЕК, 4-авг. — Sputnik. Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгына жетекчи болуп Сталбек Рахманов дайындалганын аталган мекеме тастыктады.

Полковник наамынын ээси Рахманов укук коргоо органдарында 1994-жылдан тарта кызмат өтөп келет. Буга чейин ШИИБдин жетекчи орун басары болуп иштеген.

Ал эми башкармалыкты буга чейин башкарып келген Самат Курманкуловдун кайсы кызматты ээлей турганы азырынча белгисиз.

283
Белгилер:
ШИИБ, Сталбек Рахманов, Самат Курманкулов