Бишкекскую станцию скорой медицинской помощи переодели в разноцветную форму

Бишкектеги Тез жардамдын педиатрлары балдар ыйлабашы үчүн "шаңдуу" формалуу болушту

157
Жаш балдар дарыгерлерден коркпошу үчүн аларга атайын ушундай кийимдер тигилген

БИШКЕК, 5-авг. — Sputnik. Бишкектеги Тез жардам кызматынын педиатрлары түрдүү түстөгү жаңы формалуу болушту. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Куруу иштери. Архивдик сүрөт
© Sputnik / Табылды Кадырбеков
Педиатр Акыл Көзүрбеков Тез жардам кызматында май айынан бери иштей баштаган. Ал өз сөзүндө адамдардын өмүрүн сактоо аракети учурунда бир нерсе жетишпей жүргөнүн сезгенин айтат. Ал балдардын "Помогать легко" коомдук фондунун директору Динара Аляевага кат жазган.

"Бул биздин педиатрлардын жасаган ишине ыраазычылыгыбыз. Дарыгерлер керектүү жабдууларды сатып алууга жардам сурашкан. Бирок, азарынча алардын жайкы формасы үчүн гана каражат таба алдык. Түрдүү-түстөгү 50 форманы цехтердин бири тигип берди", — деди Аляева.

Тез жардам станциясынын педиатр бөлүмүнүн башчысы Анара Чынгужоеванын айтымында, балдар дарыгерлерден коркпошу үчүн формалар атайын түрдүү-түстө тигилген.

157
Белгилер:
дарыгер, форма, балдар, медицина
Тема боюнча
Чоң-Алайда эки оорукана курулууда
UFC чемпиону Хабиб Нурмагомедов. Архив

Көк бөрү көрөбүз! Хабиб машыктыруучусу менен Кыргызстанга келет

122
(жаңыланган 01:19 26.11.2020)
Нурмагомедов Кыргызстанга 2018-жылы келген. Анда ал өлкөдө ушунчалык атактуу экенине таң калганын билдирген.

БИШКЕК, 25-ноя. — Sputnik. UFC чемпиону Хабиб Нурмагомедовдун машыктыруучусу Хавьер Мендез Instagram баракчасына Кыргызстанга келип, көк бөрү оюнун көрүү каалоосу тууралуу жазган.

Посмотреть эту публикацию в Instagram

Публикация от Javier Mendez (@akajav)

Мендез менен Нурмагомедов азыр Бириккен Араб Эмирлигинде жүргөнү маалым болду. Машыктыруучу Кыргызстанды кайрадан көргүсү келип жатканын кыргыз ишкери менен жолукканда айткан.

"Кереметтүү Кыргызстанга барууну чыдамсыздык менен күтүп жатам, ошондой эле көк бөрү оюнун да көрсөк дейбиз", — деп жазган Мендез. 

UFC чемпиону да Instagram баракчасынын сторис бөлүмүнө "Жакында Кыргызстанга барам" деп жазган.

Белгилей кетсек, 2018-жылы Хабиб Нурмагомедов Улуттук олимпиада комитетинин чакыруусу менен өлкөгө келип кеткен. Анда ал КРде ушунчалык атактуу экенине таң калганын билдирген.

122
Белгилер:
Көк бөрү, спортчу, тренер, Хабиб Нурмагомедов, Кыргызстан
Тема боюнча
Миссиямды аткардым. Хабиб кайра октагонго чыгар-чыкпасын айтты
Бишкек шаары. Архив

Бейшембиге карата аба ырайы

62
26-ноябрга караган түнү өлкө аймагында жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет.

БИШКЕК, 25-ноя. — Sputnik. Бейшембиде күндүз республика боюнча күн ачык болот. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

Абанын температурасы Чүй, Талас облустарында +1...+6, Ош, Жалал-Абад, Баткен аймактарында +3…+8, Нарында -3…+2, Ысык-Көлдө -1…+4 градус болот.

Ош шаарында +4...+6 градус жылуу болсо, борбор калаада абанын температурасы +3...+5 градуска чейин жетет.

62
Белгилер:
Кыргызстан, ноябрь, аба ырайы
Тема боюнча
Күн качан жылыйт? Бир жумага карата аба ырайы