Испанияда он жыл бою жумушка барбай койгон кызматкер иштен алынды

© AFP / CHRISTOPHE ARCHAMBAULT Туристический сезон в тайском острове Пхукет
Туристический сезон в тайском острове Пхукет - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Архивдин кызматкери эртең менен барып катталып, кайта кечинде барып электрондук системага жумуштан кетти деп кол коюп турган

БИШКЕК, 5-авг. — Sputnik. Валенсиянын мыйзам чыгаруу палатасы провинциянын он жыл бою жумушка чыкпай, бирок айлык алган архив кызматкерин иштен алды. Бул тууралуу РИА Новости агенттиги La Sexta басылмасына шилтеме берүү менен жазып чыкты.

Награждение отличившихся сотрудников патрульной милиции - Sputnik Кыргызстан
Бишкек ШИИБге жаңы жетекчи келди
2006-жылдан бери Карлес Ресио жыл сайын 50 миң евро алып келген. Ал иш күндөрү саат 7.00дө келип, электрондук системага катталып коюп кетип, кайта саат 16.00дө келип жумуштан кетти деп кол коюп турган. Ресио ал дайыма документтер менен иштегендиктен бир эле ишти жасаган жана өзүнүн кылган ишин ал кара жумуш деп сыпаттаган.

Ал "жумуштан" тышкаркы убактысында комикстерди тарткан.

Учурда ал сыркоолоп жаткандыктан жумушка чыккан эмес. Депутаттар архивдин директоруна эми кандай чара көрүү керектигин чечишет.

Жаңылыктар түрмөгү
0