Сүйбөсөң кантип тиесиң? Турмушка чыкпаш үчүн амал ойлоп тапкан 5 кыздын окуясы

© Sputnik / Константин Чалабов / Медиабанкка өтүүЦыганская свадьба
Цыганская свадьба - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жакында эле кыргызстандык кыз ата-энесинин үйүнөн качып кетүүгө аргасыз болгону маалым болгон.

Россиядагы элчиликтен билдиришкендей, кыргызстандык кыз турмушка беребиз деген ата-энесинен качып Москвага барган. Алабыз деген үй-бүлөдөн биротоло кутулуш үчүн өзүн акылынан айныган адамдай көрсөтүп, психиатриялык ооруканага жатып алган

Бактыга жараша атасы аркасынан барып, ооруканадан аман-эсен алып чыгып кеткен.

Көңүлү каалабаган адамга турмушка чыкпаш үчүн кыргыз кыздары дагы кандай кадамдарга барарын Sputnik Кыргызстан агенттиги тизмектеди.

Карызы чачтан көп келинчек

Каалабаган кишиге турмушка чыкпоо үчүн амалкөйлөнгөн сиңдиси жөнүндө таластык келин Нурзада Жумабекова айтып берди:

Жубайлар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Ажырашуу азабы эмнеден келип чыгат? Үй-бүлөлүк чыр-чатактын себептери
— Бул окуя тээ Советтер союзу жаңы тараган жылдары болгон. Агам менен жеңем шаарда окуган кызын өздөрүнүн таанышына келин кылып беребиз деп калышты. Аны уккан сиңдим куда болчу кишилерди телеграфка чакыртып, группалашына телефон чалдыртыптыр. Чогуу окуган кыз "ала турган келиниңер мага 20 миң сом карыз, силер канча калың алып барасыңар" десе, тигилер "кокуй, бизде андай акча жок" деп чочушат. Ошентсе дагы болбой "бара турган күнүңөрдү айткыла, мен үйүнө барып турайын, сыр билгизбей. Силер канча сом алып келсеңер дагы ошону алайын. Болбосо аферист кыз мага акчамды берчүдөй эмес" деген экен. Ошентип бир жумадан кийин сөйкө салганы келебиз деген куда тарап тымтырс. Агам менен жеңем "байкуштар алтын сөйкөгө акча таппай калса керек, ырымын кылып күмүш деле салып кетишсе түшүнөт элек" деп кала беришкен. Кийин сиңдим өзү каалаган жигитине турмушка чыкты.

Эмчегинен сүт чыгып…

Өз башынан өткөн окуяны ысык-көлдүк Дамира Курманова баяндады:

— 1980-жылдардын башында Фрунзе шаарынан Медициналык училищени аяктап, айылга бардым. Кийин коңшу айылдагы ооруканага ишке орноштум. Бир күнү жумуштан чыгып жол тосуп турсам, бир унаа келип токтоду дагы ичиндеги балдар ой-боюма койбой салып кетишти. Ала качып баратканын дароо түшүндүм, бирок ызы-чуу салган жокмун. Улкунуп-жулкунбай эле үйүнө түз кирип бардым. Кире бериште жоолугун кармап турган аялды көрүп жүрөгүм шуу дей түштү.

Келин. Архив - Sputnik Кыргызстан
Онлайн үйлөнүү, музыкасыз куда күтүү — бишкектиктерди таң калтырган беш үлпөт той
Кантип качарымды билбей, бир маалда эмчек сүтү ийип кеткенде халатынын боору нымдашып калган жеңемди эстедим. Анан көкүрөгүмдү кантип суу кылам деп бир азга ойлонуп калдым. Башымдагы жоолукту жулуп салбагандыктан, тигилер мени отурду деп ойлошту. Бир маалда дааратканага барып келейин десем, эки келин коштоп, сыртка алып чыгышты. Ажаткананын жанындагы кол жуугучка келиндерге билдирбей жүз аарчымды чалпылдатып суулап алдым. Көшөгөгө киргенде андагы сууну көйнөгүмдүн көкүрөгүнө сыгып, эмчек сүтүм ийип кетти деп көрсөттүм. Байкуш апалар ала качкан балдарды урушуп, колума 20 рубль карматып үйгө жеткиришкен.

Айланы алты кетирген кыз

Талас шаарында болгон окуяны ала качууга дуушар болгон Алия аттуу кыздын курбусу Жибек айтып берди:

— Окуяга өзүм күбө болгон эмесмин, бирок курбум айтып бергенде боорум эзилгиче күлгөм. Бир күнү ал көчөдө кетип баратса, бейтааныш унаа келип, салып кетиптир. Балдардын сүйлөшкөнүнөн эле ала качып бара жатканын түшүнөт дагы, көздөрүн чалырайтып түшүнүксүз бир нерселерди кобурай баштайт. Эмне болуп кеткенин түшүнбөй калган балдар кызды жолго таштап качышат.

Капысынан жасалган карьера

Караколдук Назира сүйбөгөн жигиттен качып, карьера жасап калгандыгын кеп салды.

Всемирный фестиваль эпосов народов мира в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Кыз узатуудагы 7 "болбойт"
— Мени атамдын кесиптешинин баласына турмушка бермей болушкан. Ата-энем алардын жакшы үй-бүлөдөн экенине карадыбы, айтор, оюмду укпай эле күзгө даярдан деп коюшту. Ошол кезде университетти деле кыйратып окубай жүргөм. Бирок англис тилине кызыгып, курстарга барып турчумун. Дароо чет өлкөгө кетип калсамбы деген ой келип, Бишкектеги Араб борборуна барып катталып койдум. Көп узабай эле Дубайдан мага ылайык жумуш чыгып жатканын айтышты. Ата-энеме эч нерсе билдирбей, маектешүүдөн өтүп, документтеримди даярдадым дагы, эртең учам дегенде айттым. Атам аябай жинденди. Ошентип быйыл Дубайдагы мейманканалардын биринде башкаруучу болуп иштеп жатканыма үч жыл болду.

Жүзүм сугунган кыз

Мындан бир кылым мурда Ысык-Көл калаасында жашаган үй-бүлөнүн укмуштуу окуясын каармандардын чөбөрөсү Гүлмиранын оозунан уктук.

— Бабам ошол кезде 50дөн ашып калганына карабай абдан шайдоот, кыз жандуу адам болуптур. Бир күнү коңшу айылда бардар жашаган бир адам кызын күйөөгө бергени жатканын, бирок кыздын тийчү жигитине көңүлү жок экенин угат. Ал эмне болгон кыз экенин көрүп келейин деп атын минип алып барса, кыз эшиктин алдындагы сууга жүзүн чайып аткан экен. Ал-жайын сурап, чапанынын чөнтөгүнө сала барган жүзүмдү сунса, үч күндөн бери ата-энесин коркутуп оозуна наар албаган кыз жүзүмдү жеп ийиптир. Ортодо жактыруу сезими пайда болуп, башкага келин болчу кызды атка учкаштырып ала качып кетет. Бир аздан кийин артынан кууп келгенин уккан кыз "жеңеке, эми эмне кылам" деп чоң чоң атамдын байбичесинин этегине жармаша калыптыр. Анда биздин чоң апабыз кебелбей туруп "жүзүмдү го сугунуп ийиптирсиң, эми аягына чейин тур" деп бир сүйлөп коюптур. Жарыктык, ошол кездеги кишилердин даанышмандыгын карабайсыңбы? Кийин чоң атабыз токолунан эки кыздуу болгон экен.

Жаңылыктар түрмөгү
0